Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 28-майындагы № 1
“Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин кыскартуу жөнүндө”
Арстанбап-Ата айыл ѳкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн башчысы М.Ашуровдун АТР менен кыскартылган кызматкерлердин киреше салыгынын кыскарганы жана 2024-жылдын 1-июлунан соода ишин жүргүзгөн жеке жактардын бирдиктүү салык түрүндө төлөнүп келген патент салыгынын кыскарылышы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү киреше салыгынан 971,2 миң сомго, II кварталынан 152,3 миң сомго, III кварталынан 209,6 миң сомго, IV кварталынан 609,3 миң сомго, патент салыгынан 815,8 миң сомго, II кварталынан 72,5 миң сомго, III кварталынан 453,4 миң сомго, IV кварталынан 289,9 миң сомго, айыл чарба эмес жерлер салыктан 892,0 миң сомго - II кварталынан 58,4 миң сомго, III кварталынан 600,0 миң сомго, IV кварталынан 233,6 миң сомго, жалпысы 2679,0 миң сомго кыскартылсын.
2. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 70111 бөлүмүнүн ар түрдүү кызмат көрсөтүү 2215-статьясынын II кварталынан 139,2 миң сом III кварталынан 623,0 миң сом, IV кварталынан 556,8 миң сом, имараттар жана курулмалар 3111-статьясынан II кварталынан 144,0 миң сом, III кварталынан 640,0 миң сом, IV кварталынан 576,0 миң сом, жалпы 2679,0 миң сомго кыскартылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Базар-Коргон райондук башкармалыгынын 2024-жылга бекитилген кирешелеринин жана чыгашаларынын планына тактоо киргизүү суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин бюджет экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
Т.Көчөров
|