Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-сентябры № 602
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 «Кыргыз
Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү
тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 10-пункттун экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эсептөө ТМЭБТ автоматташтырылган системасы тарабынан жүргүзүлөт, ошол эле учурда чет өлкөлүк жарандын Кыргыз Республикасынан акыркы жолу чыгуу датасы анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүнүн мурдагы мезгили аяктаган күн болуп саналат.»;
– 13-пунктта:
алтынчы абзац «Монголиянын» деген сөздөн кийин «, Молдова Республикасынын» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнүн белгиленген мөөнөтүнөн ашып кеткен чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз (мындай укукту берүүчү документтерди тариздөөсүз) жүрүү мөөнөтүндө кирүүсүнөн баш тартылат.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын уруксат берүүчү документтерди тариздөөсүз Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнүн белгиленген мөөнөтүнөн ашып кеткен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болуп саналган үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, жашы жете элек балдарына) туугандыгын документ түрүндө ырастаган учурда уруксат берүүчү документтерди тариздөө аркылуу укуктук статусун легалдаштыруу максатында кирген күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде бир жолу кирүүгө укук берилет.»;
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«24. Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген мөөнөттөн ашык жүргөн чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксатты тариздөө үчүн кайрылууга укуктуу.»;
– 25-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 67 (3827) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |