Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-сентябры № 608
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин илим чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 135 «Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 511 «Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык уюмдар жөнүндө типтүү жободо:
– 10-пункттун 9-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9) илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басмаканалык, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган, келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу башка иштен, ошондой эле өз алдынча белгиленген тарифтер боюнча илимий, илимий-техникалык жана илимий-инновациялык иштин натыйжаларын ишке ашыруудан киреше алууга;».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 47 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын уставында:
– 14-пункттун 15-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15) илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басмаканалык, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган, келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу башка кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу иштерди аткаруу;»;
– 55-пункттун 16-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16) акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө, ошондой эле келишимдик негизде аткарылуучу иштерге тарифтерди бекитет;»;
– 91-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«91. Акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле келишимдик негизде аткарылуучу иштерге тарифтер УИА тарабынан өз алдынча белгиленет жана түзүлөт.».
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |