Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 2- ОТУРУМУ
2024-жылдын 6-майы № 18
Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо жана өрттөө боюнча
Кыргыз Республикасынын “ Укук бузулар жөнүндө” Кодексинин “Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө” жөнүндө 115 – беренесине ылайык Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын жашоочулары белгиленбеген жерлерге турмуш – тиричилик таштандыларын жана башка буюмдарды таштоо, жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынсын.
2. Белгиленбеген жерлерге өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштоо, жеке жактарга 75 эсептик көрсөтүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынсын.
3. Таштандыларды, турмуш тиличиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөө, жеке жактарга 75 эсептикк көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынсын;
Эскертүү: Белгиленбеген жерлер деп, бул атайын аталган максаттарда пайдаланууга бөлүнбөгөн жерлер түшүнүлөт.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экология жана укуктук тартип боюнча комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9618.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |