Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 2- ОТУРУМУ
2024-жылдын 6- майы № 21
№759- контурдагы 44,0га жер аянтынын ичинен мечит куруу үчүн жер
тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Октябрь айылындагы № 759-контурунда жайгашкан жалпы аянты 44,0га болгон жер тилкесинин башкы планына өзгөртүү киргизүү жана анын ичинен 0,08га жер тилкесин “ Нур-Биримдик” мечитин курууга бөлүп берүу жөнүндө маселени карап чыгып жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылындагы 759-контурундагы жалпы аянты 44,0га болгон жер тилкесинин башкы планына өзгөртүү киргизилип, анын ичинен 0,08га жер тилкеси “ Нур-Биримдик” мечитин куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9621.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |