Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 31-июлундагы № 1
“Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылындагы №40 Кимсан бала бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө”
Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылындагы №40 Кимсан бала бакчасына кошумча тайпа ачуу боюнча №40 Кимсан бала бакчасынын эмгек жамаатынын 2024-жылдын 24-майындагы №3-токтомунун жана ата-энелер жыйналышынын 2024-жылдын 24-майындагы №4-токтому менен таанышып жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылындагы №40 Кимсан бала бакчасына кошумча тайпа ачуу боюнча №40 Кимсан бала бакчасынын эмгек жамаатынын 2024-жылдын 24-майындагы №3-токтомунун жана ата-энелер жыйналышынын 2024-жылдын 24-майындагы №4-токтому бекитилсин.
2. Чкалов айылында мектеп жашына чейинки балдардын саны көп болгондугуна байланыштуу, Арстанбап-Ата айыл аймагынын Чкалов айылындагы №40 Кимсан бала бакчасына кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
3. №40 Кимсан бала бакчасына кошумча тайпа ачууга тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана штат бирдигин чечүү жагы бала бакча башчысы Э.Рахматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин социалдык маселелелр боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Жумабаевага тапшырылсын.
Төрага |
Т.Көчөров
|