Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 14-августундагы № 2
«Арстанбап-Ата айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын комиссиясынын резервке киргизүү жөнүндө»
Арстанбап-Ата айыл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б.Алыбаеванын маалыматын угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б.Алыбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Арстанбап-Ата айыл аймагындагы шайлоо участкаларынын участкалык шайлоо комиссиясынын курамына резервдик курам киргизилсин жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартиби, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Мамадалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
Т.Көчөров |