Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2024-жылдын 14-августундагы № 3
«Калктуу конуштун ичинде жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндө»
Арстанбап-Ата айыл аймагынын калктуу конуштарынын ичинде жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндөгү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Кайимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштун ичиндеги муниципалдык менчигине киргизиле турган жер тилкелери тиркемеге ылайык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.
2. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.
Төрага |
Т.Көчөров |