Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 14-август № 5
«Айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө»
Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылынын тургундарынын сураныч катын жана айылдык кеңешинин депутаты А.Арзыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын социалдык инфраструктурасын чыңдоого, калкыбыздын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган маселелерди чечүүдө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Алтынбекович Алтынбековго Арстанбап-Ата айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго жүктөлсүн.
Төрага |
Т.Көчөров
|