Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 14-август № 6
«Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын активинин 2024-жылдын 13-августундагы №10 протоколдук тапшырмасын кароо жөнүндө»
Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын активинин 2024-жылдын 13-августундагы №10 протоколдук тапшырмасынын биринчи пункту жана Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 2024-жылдын 15-июлундагы №24/166-07-11/1-00739 сандуу сунуштамасы менен таанышып, Арстанбап-Ата айыл аймагында жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчиктин реестрине киргизүү жөнүндөгү Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Кайимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылындагы А.Базаров көчөсүндө жайгашкан “Булбулча”балдар бакчасынын алдындагы 36 м2 жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.
2. Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинин реестрине киргизилген жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүү жагы жер ресурстары кызматынын Базар-Коргон филиалынан суралсын.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине укук тастыктоочу иш кагаздарын алуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мамарасуловго тапшырылсын.
Төрага |
Т.Көчөров
|