Загрузка документа…
АРСТАНБАП - АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арстанбап-Ата айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2024-жылдын 14-август № 9
«Чарбак айылындагы Чеке Мазардын аталышын тарихый атына өзгөртүү жөнүндө»
“Саяк Санжырасы” коомдук фондунун кайрылуу катынын жана Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 8-августундагы №01-11/2784 катынын негизинде Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовдун сунушун угуп жана талкуулап, Арстанбап-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чарбак айылындагы Чеке Мазардын аталышын тарихый атына өзгөртүү жөнүндө “Саяк Санжырасы” коомдук фондунун кайрылуу каты колдоого алынсын.
2. Табылган тарихый малыматтарга таянып, Чарбак айылындагы Чеке Мазардын аталышы “Чекир-Ата мазары” болуп тарихый атына өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун негизинде тиешелүү иш аракеттерди аткаруу Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
Т.Көчөров
|