Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Кош-Дөбө айылдык кеңештин кезектеги үчүнчү сессиясы”

 

2026-жылдын 31-июльундагы №3/1

 

“Кош-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы Ч.Кадыркуловдун төрагалык кызматтан бошоо боюнча арызы жана жаңы төрага шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

Төрага шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын 31.07.2026-жылдын №2-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп айылдык кеңеш

                                              

                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кош-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы Ч.Кадыркуловдун ээлеген төрагалык кызматтан бошоо боюнча жазган арызына макулдук берилип кабыл алынсын.

 

2.    Ч.Кадыркуловдун Кош-Дөбө айылдык кеңешине төрагалык кылуу кызматы токтотулсун.

 

3.    Эсептөө комиссиясынын Кош-Дөбө айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2026-жылдын №2-протоколу бекитилсин.

 

4.    Карабаев Кубанычбек Давлеталиевич айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

 

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

 

    Төраганын орун басары                                              К.Ызанов