Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 9-сентябры № 699-VIII
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Г.О. Акимбаева, М.К. Алиев, Т.Н. Сарыбашов, Б.А. Эргешов, А. Алтынбеков, М.Дж. Алымбеков, У.А. Сариев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 14-сентябрында https://www.kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8205 расмий сайтында жарыяланды
Төраганын биринчи орун басары |
М.К. Алиев |