Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын28-ноябрындагы №1/3
“Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө”
Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябры ПЖ № 271 Жарлыгын жетекчиликке алып жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши IX чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайы 2024-жылдын 7-декабрына саат
10-00го Ак-Суу айыл өкмөтүнүн имаратына чакырылсын.
2. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык -50 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар
29-ноябрында графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 1-тиркеме)
өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнүүсү эскертилсин.
4. Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана
өткөрүү боюнча жана жумушчу топтун курамы 5 адамдан бекитилсин (№ 2- тиркеме).
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын чентук укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин
7. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары
А.Кузебаевке жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу
Тиркеме№1
Ак-Суу айылды кеңешинин
2024-жылдын 28-ноябрындагы
№1/3 токтому менен бекитилген
Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү III Элдик Курултайынын делегаттарды көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын (жыйындардын)
ГРАФИГИ
№ | Өткөрүлүүчү орду | Убактысы | Калкы тын саны | Делегат Тардын саны | Жооптуулар | |
күнү | сааты | |||||
1 | Ак-Сай айылы -Дөкүрдө -Тыт-Мышык -Центр | 04.12 |
10-00 13-00 15-00
| 1987 150 200 250 | 15 3 5 7 | Кутбаев Манасбек жетекчи Майлиева Айнура Тайлакова Бактыгүл Чоконбаев Керималы Курманбеков Улутбек |
2 | Ак-Суу айылы -Г.Сооронбаева көчөсүндө -Мечит | 04.12 |
10-00
12-00 | 1375 250
135 | 10 6
4 | Эшкараев Орозалы жетекчи Кузебаев Арзыбек Кулешов Нурадин Эпеев Бактыяр Өмуралиева Токтокан |
3 | Төө-Басты айылы -Тегирмен -Төрөкулов көчөсүндө | 04.12 |
10-00 14-00 | 1470 150 63 | 10 6 4
| Төрөкулов Калдар жетекчи Чойбекова Тинатин Жеңишбек уулу Бек Исабекова Замира Мамытов Санжарбек |
4 | Коргон-Дөбө
-Алтаркеч -Мектеп | 04.12 |
10-00 14-00
| 1589
100 150 | 10
3 7 | Смаилов Нурланбек жетекчи Сатибекова Гүлзат Токторалиева Алимбүбү Дооронбеков Нуркасым Барпиев Самарбек Ашыралиев Кубанычбек |
5 | Кум-Булуң | 04.12 | 10-00 | 229 | 2 | Эшкараев Орозалы жетекчи Кайдалиев Нурас Нургазы уулу Баястан Токтосунов Осмоналы
|
| баардыгы |
|
|
| 50 |
|
Ак-Суу
Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: Ж.Жолдубай уулу
Тиркеме№2
Ак-Суу айылды кеңешинин
2024-жылдын 28-ноябрындагы
№1/3 токтому менен бекитилген
Ак-Суу айыл аймактык жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А | кызматы |
1 | Шаршеналы уулу Мадаминбек | Төрага |
2 | Жолдубай уулу Жоомарт | катчысы |
3 | Жоробеков Эркин | мүчөсү |
4 | Сартаев Арстанкул | мүчөсү |
5 | Кадыркулов Бекболот | мүчөсү |
Ак-Суу айылдык кеңешинин
жооптуу катчысы:
Ж.Жолдубай уулу