Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-сентябры № 609
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасын түзүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 203 «Кыргыз Республикасынын дары коопсуздугун, дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана дары менен борборлоштурулган камсыз кылуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы түзүлсүн.
2. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасынын оператору болуп саналат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 601 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө контракттарды түзүүдө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүүдө бажы жыйымын, алымдарды жана салыктарды төлөөгө байланышкан кошумча чыгымдардан тышкары, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташуу, жүктөө, сактоо, саламаттык сактоо уюмдарына жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды, ошондой эле дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоого жана сапатын баалоого байланышкан чыгымдары түзүлүүчү контракттардын суммасынын 2 пайызы өлчөмүндө жана контракттын суммасынын 5 пайызына чейинки кошмо бааны эске алууга укуктуу;»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштуруп жеткирүү тартибинде:
– 5-пунктта «1-июлунан» деген сөздөр «1-апрелинен» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |