АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын III сессиясы”
2025-жылдын 24-январыдагы № 3/10
“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджеттин кирешелери
жана чыгашаларын бекитүү “
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде”Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап,Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү
- бюджетинин кирешесинин көлөмү 20426,1 (жыйырма миллион төрт жүз
жыйырма алты миң бир жүз) сом,
- өздүк киреше 10 353,6 ( он миллион үч жүз элүү үч миң алты жүз) сом,
мунун ичинен
- атайын каражаты 1282,7(бир миллион эки жүз сексен эки миң жети жүз) сом,
- жайыттын кирешеси:242,3 (эки жүз кырк эки миң үч жүз) сом.
Теңдөөчү грант 8547,5 (сегиз миллион беш жүз кырк жети миң беш жүз) сом,
.Жалпысы: 20426,1 (жыйырма миллион төрт жүз
жыйырма алты миң бир жүз) сом суммасында
№1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемеге ылайык тиркелсин.
- 01.01.2025-жылдын башына үнөмдөлүп калган 5290,2(беш миллион эки жүз токсон миң эки жүз) сом калдыктын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынан жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондуна негиз 500,0(беш жүз миң)сом өлчөмүндө бекитилсин.Ал эми калган калдык акча каражаты №3-тиркемеге ылайык сарпталсын.
- Республикалык бюджеттен берилген теңдөөчү грант биринчи кезекте коргоого алынган беренелерге(айлык акы,соц фонд,тамак-аш,таш көмүр,комуналдык кызматка)жумшалсын.
- Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөттүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.
- Бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана айылдык кеңешке сунуш берүү жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- “Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодекстин негизинде 24-беренесине ылайык жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 2 пайызынан ашпаган 200,0(эки жүз миң) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду түзүлсүн.
- Айыл өкмөттүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу масатында салык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарын ар бир түрү боюнча аткарууну айыл өкмөттүн салык инспекторуна милдеттендирилсин.
- Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча,айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы финансы экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна милдеттендирилсин.
Төрага М.Шаршеналы уулу