Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 609 токтомуна) |
Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасынын максаттарын, милдеттерин, функционалдык модулдарын, оператордун жана колдонуучулардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле жеткиликтүүлүктү берүү тартибин жана иштөө тартибин аныктайт.
2. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы (мындан ары – Платформа) kyrgyzpharm.med.kg дареги боюнча жайгаштырылган жана дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуу процесстерин автоматташтыруу, анын ичинде саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүн санариптик түрдө түзүү жана эсепке алуу, сатып алууларды жүргүзүү, берүүлөрдү контролдоо, кампалык эсепке алуу, ошондой эле товарлардын калдыктарын, жарактуулук мөөнөттөрүн жана кыймылын мониторингдөө үчүн арналган мамлекеттик маалыматтык системадан турат.
3. Ушул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) Платформа – саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуу процесстерин автоматташтыруу, өтүнмөлөрдү түзүү жана иштеп чыгуу, реестрлерди жүргүзүү, керектөөлөрдү жана калдыктарды мониторингдөө жана талдоо, ошондой эле дары менен камсыздоо системасынын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн арналган Дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү мамлекеттик санариптик платформасы;
2) Платформанын ээси – дары менен камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктаган жана Платформанын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги (мындан ары – Саламаттык сактоо министрлиги);
3) Платформанын оператору – Платформаны администрациялоону, иштешин техникалык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – «Кыргызфармация» МИ);
4) Платформанын колдонуучусу – Платформада белгиленген тартипте катталган саламаттык сактоо жана (же) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жак же жеке ишкер, анын ичинде:
- Саламаттык сактоо министрлиги;
- саламаттык сактоо уюмдары (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке);
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (мындан ары – ММК фонду);
- «Кыргызфармация» МИ;
- дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды берүүчүлөр (дистрибьюторлор, өндүрүүчүлөр жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды берүүнү жүзөгө ашыруучу башка жактар);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дары менен камсыз кылуу процессине катышкан башка юридикалык жактар;
5) өтүнмө – Платформанын колдонуучусу тарабынан белгиленген тартипке ылайык түзүлгөн, Платформага жайгаштырылган жана тиешелүү мезгилге бекитилген бюджеттин же бөлүнгөн ассигнованиелердин чегинде зарыл болгон санды, номенклатураны жана берүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен дары каражаттарына жана (же) медициналык буюмдарга болгон керектөөлөрдүн тизмегин камтыган санариптик документ;
6) сатып алуу – Платформада түзүлгөн өтүнмөлөрдүн негизинде, анын ичинде мамлекеттик, муниципалдык жана жеке медициналык уюмдардын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырылуучу саламаттык сактоо уюмдарын камсыз кылуу үчүн дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатып алуу;
7) каржылоо булагы – республикалык бюджет, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары, атайын каражаттар, Жогорку технологиялар фондунун каражаттары, борборлоштурулган иш-чаралардын алкагындагы каражаттар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каржылоо булактары.
2-глава. Платформанын максаты, милдеттери жана функционалдык модулдары
4. Платформанын иштешинин максаты саламаттык сактоо уюмдарынын керектөөсүн түзүү, өтүнмөлөрдү иштеп чыгуу, сатып алууларды жүргүзүү, контракттарды эсепке алуу, берүүлөрдү контролдоо, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды кампалык эсепке алуу процесстерин автоматташтырууну камсыз кылуучу дары менен борборлоштурулган камсыз кылуунун бирдиктүү маалыматтык чөйрөсүн түзүү болуп саналат.
5. Платформанын иштешинин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) саламаттык сактоо уюмдарынын дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон өтүнмөлөрүн түзүү процессин санариптештирүү;
2) дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон керектөө жөнүндө маалыматты борборлоштуруу жана системалаштыруу;
3) коммерциялык сунуштарды чогултуу жана баалоо жол-жоболорун автоматташтыруу, сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгын жана берүүчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү жогорулатуу;
4) контракттарды борборлоштурулган эсепке алуу жана берүүлөрдүн аткарылышын контролдоо;
5) кампалык эсепке алууну жана логистиканы автоматташтыруу;
6) дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын калдыктарын, жарактуулук мөөнөттөрүн жана кыймылын мониторингдөөнү камсыз кылуу;
7) дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен борборлоштурулган камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү маалыматтык чөйрөнү түзүү.
6. Платформа төмөнкү функционалдык модулдарды камтыйт:
1) «Өтүнмөлөр» – каржылоо булактары боюнча бөлүштүрүү менен саламаттык сактоо уюмдарынын дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон өтүнмөлөрүн түзүү, иштеп чыгуу жана контролдоо;
2) «Отчеттор» – Платформадагы маалыматтардын негизинде аналитикалык жана жыйынды отчетторду түзүү;
3) «Продукциялардын маалымдамалары» – эл аралык патенттелбеген аталыштардын негизинде дары каражаттарынын бирдиктүү маалымдамаларын жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилүүчү тизмектерге ылайык медициналык буюмдардын маалымдамаларын жүргүзүү;
4) «Мониторинг» – дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга коммерциялык сунуштардын суроо-талаптарын жарыялоо, берүүчүлөрдөн коммерциялык сунуштарды жана техникалык документтерди чогултуу жана талдоо;
5) «Контракттардын реестри жана берүүлөрдүн аткарылышын контролдоо» – контракттарды борборлоштурулган эсепке алуу, келишимдердин (контракттардын) шарттары жөнүндө маалыматтарды киргизүү, контракттардын бирдиктүү реестрин түзүү, ошондой эле товарларды берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу этаптарына мониторингдөө үчүн;
6) «Кампа жана логистика» – кампалык эсепке алууну, кампалык логистиканы жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды саламаттык сактоо уюмдарына чейин жеткирүүнү контролдоону автоматташтыруу.
7. Платформанын модулдарынын иштөө тартиби ушул Жобонун 5-7-главалары менен аныкталат.
3-глава. Платформанын колдонуучулары жана алардын функциялары
8. Платформанын колдонуучулары:
1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги берилген өтүнмөлөргө, отчеттуулукка жетүү укугуна ээ;
2) «Кыргызфармация» МИ – Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча продукциялардын маалымдамаларын жүргүзүү, кулактандырууларды жарыялоо жана коммерциялык сунуштарды баалоо, контракттардын реестрин, берүүлөрдү мониторингдөөнү, кампалык эсепке алууну жана жүктөрдү жөнөтүүнү контролдоону жүргүзүү;
3) саламаттык сактоо уюмдары бекитилген бюджеттин чегинде дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга өтүнмөлөрдү түзөт, ошондой эле иш жүзүндө алынган дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө маалыматтарды киргизет;
4) Саламаттык сактоо министрлиги жана ММК фонду саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүн аларга бекитилген каржылоо булактарына ылайык иштеп чыгууну, консолидациялоону жана контролдоону жүзөгө ашырат;
5) Платформада катталган берүүчүлөр (дистрибьюторлор жана өндүрүүчүлөр) жарыяланган кулактандыруулардын алкагында коммерциялык сунуштарды берүүнү жүзөгө ашырат.
9. Мамлекеттик сырларды (купуя сырды) түзгөн маалымдарды камтыган маалыматтарды жана тиешелүү грифке ээ башка документтерди Платформага киргизүүгө жана иштеп чыгууга жол берилбейт.
4-глава. Платформанын операторунун жана
колдонуучуларынын укуктары жана милдеттери
10. Платформанын оператору төмөнкү укуктарга ээ:
1) Платформаны модификациялоого жана жеткире иштеп чыгууга;
2) Платформанын талаптагыдай иштешин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон маалыматты Платформанын колдонуучуларынан суроого;
3) Платформага кошулууга жана пайдаланууга техникалык талаптарды белгилөөгө;
4) ушул Жободо белгиленген Платформанын иштөө тартибин бузган учурда бузуулар жоюлганга чейин Платформанын колдонуучусунун жеткиликтүүлүгүн токтото турууга.
11. Платформанын операторунун милдеттерине төмөнкүлөрдү камсыз кылуу кирет:
1) Платформанын үзгүлтүксүз иштешин, администрацияланышын, техникалык жана программалык жактан коштоону;
2) Платформанын колдонуучуларын методикалык жана консультациялык колдоону;
3) колдонуучулардын ролуна жараша алардын жеткиликтүүлүк укуктарын чектөөнү;
4) Платформадагы маалыматтардын сакталышын, резервдик көчүрүлүшүн жана корголушун;
5) берүү контракттарынын аткарылышын мониторингдөөнү жана реестрин жүргүзүүнү;
6) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды кампалык эсепке алуунун иштешин, саламаттык сактоо уюмдарына чейин жеткирүүнү контролдоону;
7) Платформаны этап менен модернизациялоону.
12. Платформанын колдонуучусу төмөнкү укуктарга ээ:
1) Платформанын функционалына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы жөнүндө сунуштар менен Платформанын операторуна кайрылууга;
2) Платформанын иштешиндеги көйгөйлөрдү жоюу маселелери боюнча Платформанын операторуна кайрылууга;
3) Платформанын операторунан Платформаны эксплуатациялоо боюнча методикалык жана консультациялык колдоо суроого.
13. Платформанын колдонуучуларынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
1) киргизилген маалыматтардын аныктыгын, толуктугун жана өз убагында киргизилишин камсыз кылуу;
2) эсептик маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу;
3) Платформага жеткиликтүүлүктү үчүнчү жактарга берүүгө жол бербөө;
4) ушул Жободо белгиленген Платформанын иштөө тартибин сактоо.
5-глава. Платформага жеткиликтүүлүктү берүү тартиби
14. Платформага жеткиликтүүлүк жекелештирилген эсептик жазуулардын негизинде жекелештирилген эсептик жазуулар аркылуу колдонуучунун ролуна жараша укуктарды чектөө менен аутентификация механизмдерин колдонуу менен берилет. Колдонуучунун логини телефон номери же электрондук почтанын дареги болуп саналат.
15. Саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Платформада иштөө үчүн жооптуу адамды тиешелүү буйрук менен дайындайт, анда фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), кызмат орду, байланыш телефону, ошондой эле киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилиги көрсөтүлөт. Буйруктун көчүрмөсү Платформанын операторуна жөнөтүлөт.
16. Платформанын администратору саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин буйругунун негизинде үч жумуш күндүн ичинде Платформанын колдонуучусунун эсептик жазуусун түзөт же оңдойт, жеке маалыматтарды киргизет жана Платформага жеткиликтүүлүктү берет.
17. Жооптуу адам өзгөргөн учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси жаңы буйрук чыгарат жана аны үч жумуш күндүн ичинде Платформанын операторуна жөнөтөт. Мурунку жооптуу адамдын Платформага жеткиликтүүлүгү токтотулат, ал эми жаңы жооптуу адамга жеткиликтүүлүк ушул Жобонун 15-пунктунда белгиленген тартипте берилет.
Жооптуу адам тарабынан киргизилген маалыматтар саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген расмий маалымат болуп эсептелет.
18. Берүүчүлөр (дистрибьюторлор жана өндүрүүчүлөр) Платформада каттоо жол-жобосунан өтөт, ал каттоо формасын толтурууну, электрондук почта дарегин ырастоону жана ырастоочу документтерди жүктөөнү (арыз, каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, тиешелүү ишти жүзөгө ашырууга уруксат, ал эми чет өлкөлүк берүүчүлөр үчүн – тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугун ырастоочу башка документтер) камтыйт.
Жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн системада өзгөчө статус (артыкчылыктуу) менен белгилөө каралган.
Каттоого берилген ар бир өтүнмө «Кыргызфармация» МИ тарабынан текшерилүүгө жана бекитилүүгө тийиш.
19. Жооптуу адамдын жеке кабинетине жеткиликтүүлүк Платформанын операторуна кайрылуунун негизинде берилет. Ар бир катышуучунун жеткиликтүүлүк укугу белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде аныкталат.
6-глава. Маалыматты коргоо
20. Платформада маалыматтарды жайгаштыруу жана сактоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттык сактоону жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борборунун сервердик кубаттуулуктарында маалыматтардын сакталышын, резервдик көчүрүлүшүн жана корголушун камсыз кылуу менен жүзөгө ашырылат.
21. Маалыматты коргоо механизмдери Платформаны эксплуатациялоо процессинде Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздук жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык этап менен өркүндөтүлүүгө тийиш.
7-глава. Платформаны өнүктүрүү жана
модернизациялоо тартиби
22. Платформаны өнүктүрүү жана модернизациялоо колдонуучулардын керектөөлөрүнүн жана сунуштарынын негизинде Платформанын оператору тарабынан Кыргыз Республикасынын санариптештирүү, жеке маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук жана маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Санариптик кодексинин, «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Платформанын иштешине бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор көрсөтүлүүчү кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн, жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн бардык катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо зарылдыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
23. Платформаны модернизациялоо аналитикалык инструменттерди кеңейтүүгө, тышкы маалыматтык системалар менен (анын ичинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык системалар менен) интеграциялык механизмдерди өнүктүрүүгө, дары менен борборлоштурулган камсыз кылуу процесстерин контролдоону жана башкарууну күчөтүүгө багытталган.
8-глава. Корутунду жоболор
24. Платформа этап менен пайдаланууга киргизилет. Функционалдык модулдарды пайдаланууга киргизүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү Платформанын оператору тарабынан аныкталат. Тиешелүү функционалдык модулдар эксплуатацияга киргизилгенге чейин автоматташтырылууга тийиш болгон процесстер колдонуудагы тартипте жүзөгө ашырылат.