Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 2- ОТУРУМУ
2024-жылдын 6- майы № 24
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы маалыматтык жана
жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу
эрежелерин бекитүү жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелерин карап чыгып жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылындагы Герцен көчөсү, дареги жок жайгашкан 1150,00м жер тилкесин Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына футбол аянтчасын куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Ниязова Г.Э. жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9624.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |