Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 15

    Алтын-Бешик  айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджеттине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын  34 беренесини жетекчиликке алып,  Алтын-Бешик  айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана   финансы маселелери боюнча бюджеттик  комиссиянын кортундусун  ылайык,  Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХX  сессиясы токтом кылат:                            

1     Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2026-жылга  аппараттык башкаруу бөлүмүнө каралган бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин: 2222 «түрдүү материалдарды жана буюмдарды алуу» беренесинин эсебинен 400,0 миң сом  жана   «3111-имараттар жана курулуштар» беренесинин эсебинен 2055,0 миң сом акча каражаты «3312-«машиналар жана жабдуулар » беренесине жылдырылып толукталсын.

 

2     Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн атайын эсеп бөлүмүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында түшкөн 264,0 миң сом акча каражаты 2026-жылдын планынын  «14411100-учурдагы жардам» киреше элементине жана «3312-«машиналар жана жабдуулар» чыгашалар беренесине көбөйтүлсүн. Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министирлигинин Баткен финансы башкармалыгынан суралсын.

 

3     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин бюджет,        экономика жана   финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Төрайым

А. Матраимова