Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы

 

2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 16

   Алтын-Бешик  айыл аймагына караштуу Таян, Сай, Кыштут айылдарынын Башкы планын бекитүү жөнүндө .

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын  Министрлер  Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы №567 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин 21-беренесини жана айылдык кеңештин жер жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде. Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХX  сессиясы токтом кылат:                                  

1     Кыргыз Республикасынын Курулуш  архитектура жана турак жай коммуналдык чарба Министрлигинин алдындагы Шаар куруу жана  архитектура Департаменти тарабынан иштелип чыккан Таян,Сай,Кыштут айылдарынын башкы планы бекитилсин.

2     Бекитилген башкы пландын негизинде калктуу конуштардын жерлерин максаттуу пайдаланууну  жана  архитектуралык-курулуш талаптарынын  так сакталышы көзөмөлгө  алынсын.

3      Ушул токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы      А.Эргешовко милдетендирилсин.

4     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин жер, жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.    

  

 

 

 

Төрайым

А. Матраимова