Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- ОТУРУМУ
2024-жылдын 27- июну № 25
Аламүдүн районунун аймагында 2024-2027-жылдарга тарыхый-маданий
мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды
жүргүзүү боюнча “ Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасын
бекитүү жөнүндө
Аламүдүн районунун аймагында 2024-2025-жылдарга тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча “ Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын тескемесин карап жана талкуулап, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу К.У.Абдрахмановко тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталашын камсыз кылуу тапшырылсын.
2. Жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери мамлекеттик коргоого алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучусу Абдрахманов К.У. жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9625.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |