АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХХ сессиясы
2026-жылдын 31-июлу № 01-15/ 19
Алтын-Бешик айыл аймагынын ичүүчү таза суу түтүктѳрүнѳ кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан кездеги ѳздүк салымы, Кайынды, Кан, Сары-Талаа айылындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери, ичүүчү таза суу түтүктѳрүнѳ абоненттердин кошулуу учурундагы тартиби, абоненттик китепче жана анын ичинде кѳрсѳтүлгѳн “Таян-Тазалык” МИ менен абоненттин ортосундагы келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чийме, айылды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичүүчү таза сууну пайдалануунун эрежелери, “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин кызмат көрсөтүү акылары жана “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасынын абоненттери ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнундө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кайынды, Кан, Сары-Талаа айылдарындагы 2026-жылдын 11-июнундагы, жалпы элдик чогулушунун протоколу жана ушул үч айылда түзүлгөн суу комитетинин 7-июлундагы, 28-июлундагы отурумунун протоколдорунун негизинде Алтын-Бешик айылдык кеңеши токтом кылат.
1. Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарынын ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги өздүк салымы суу комитеттеринин отурумунун протоколуна ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).
2. Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери бекитилсин (1 беттен турган № 2 тиркеме тиркелет).
3. Алтын-Бешик айыл аймагындагы элдердин үй-чарбаларына таза сууну киргизүү, кошуу тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3 тиркеме тиркелет).
4. “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган, абоненттерге бериле турган Абоненттик китепче жана анын ичиндеги кѳрсѳтүлгѳн: Келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чиймеси менен, айылды ичуучу таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичуучу таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин.
5. “Таян-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин Алтын-Бешик айыл аймагындагы ичүүчү таза сууга кызмат көрсөтүү акылары бекитилсин (1 беттен турган № 5 тиркеме тиркелет).
6. Алтын-Бешик айыл аймагындагы “Таян-Тазалык” ишканасынын абоненттери ичуучу таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар бектилсин. (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет).
7. Токтомдун аткарылышы Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж. Эргешовго жана “Таян-Тазалык” МИнын жетекчиси Б. Закировго жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | А. Матраимова |
№1 тиркеме
“Таян-Тазалык” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары |
|
| |||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||
№ | Кызматтын аталышы | Сумма (сом) | Эскертүү |
|
| ||||||
1 | Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу: | 500 | Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт |
|
| ||||||
а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар |
|
| |||||||||
б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу |
|
| |||||||||
2 | Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде) | 200 | Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат |
|
| ||||||
3 | Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, кеңсе чыгымдары) | 500 | МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат |
|
| ||||||
4 | Капиталдык салым |
| Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат |
|
| ||||||
5 | Баардыгы | 1200 |
|
|
| ||||||
| Эскертуу: Урматтуу Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн). |
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
№ | Кызматтын аталышы | бирдиги | өлчөмү | сом | эскертуу |
|
| ||||
1 | Экскаватор кызматы (казуу, көмүү) | метр | 1 | 200 | Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт |
|
| ||||
2 | Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте) | метр | 1 | 35 | Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык |
|
| ||||
|
| ||||||||||
|
| ||||||||||
3 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн алдына 10 см төшөө |
|
|
| Жумшак топурак жок болгондугуна байланыштуу, ар бир кожолук өзү топуракты элгеп салышат. |
|
| ||||
4 | Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн устуно 20 см төшөө |
|
|
|
|
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
№2 тиркеме
Кайыңды, Кан, Сары-Талаа айылдарындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери
Абоненттерди негизги суу түтүккө туташтыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топко төмөнкү иш-аракеттер жүктөлсүн:
· Абоненттерди негизги түтүккө сапаттуу туташтыруу;
· Түтүктөрдү сапаттуу көмүү (курулуш нормаларын кармоо);
· Өздүк салымды максаттуу пайдалануу
· Жумушчу топ өздору жасаган иштерине 6 айга кепилдик беришет.
· Долбоор аяктаганда өздүк салым боюнча суу комитетине отчет берүү.
Суу комитетин мучолору томондогу иштерди камсыз кылсын:
Ø Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга жардамдашуу;
Ø Сертификаты бар түтүктөрдү сатып алууга комок корсотуу;
Ø Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдо кызматташуу;
Ø Өздүк салымды суу комитети топтоо жана МИга тиешелуу акча каражаттарын эсеп чотуна которуу, долбоор буткондо торайымы элге отчет берууну;
МИ төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Ø Абоненттик китепчелерди даярдоо;
Ø Келишим;
Ø Суу пайдалануу эрежелери;
Ø Техникалык шарттар (ситуациялык схема менен);
Ø Абонентти негизги түтүккө кошуу учурун толук көзөмөлдойт жана анын сапатына жооп беруу;
Ø Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга;
Ø Сертификациясы бар түтүктөрдү сатып алууга;
Ø Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдо кызматташуу жагын.
Жооптуу катчы З .Айдаров
№3 тиркеме
Абоненттерди негизги ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошуу тартиби:
1) Негизги ичүүчү таза суу тутугундо жайгашкан кудуктан баштап, абоненттин үйүнө киргенге чейинки аралыктагы ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосу ташталуучу чункурдун терендиги 1, 50 метрден кем болбоосу зарыл (абоненттер суу түтүгүн үйүнө чейин алып кирүүсү шарт, себеби кыштын суук күндөрү тоңуп калуусу күтүлөт).
2) Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосунун сапаты сертификацияланган, сапаты жакшы, ички диаметри 15 мм болуусу шарт.
3) Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосун көмүү учурунда, анын алдынкы тарабына 10 см жана жогорку тарабына 20 см.ден кем эмес жумшак топурак же майда кум тошолуусу абзел.
4) Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө туташтырганга чейин ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосунун эки жагындагы уучтары жабык болуп(заглушка) турушу шарт.
5) Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө кошулуу учурундагы: экскаватор менен казуу, көмүү, ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосу жана ага кетуучу каражаттар абоненттин өз эсебинен жургузулот.
6) Аткарыла турган жумуштардын баары «Таян-Тазалык» муниципиалдык ишканасынын көзөмөлундо болсун жана абоненттердин ичүүчү таза суу түтүгүнө кошуу жагы түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.
Тиркеме №5
«Таян-Тазалык» муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар
№ | Бузуулардын аталышы | Жеке адам | Юридикалык жак | Эскертүү |
1 | Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүнө уруксатсыз туташуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 1201-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу |
2 | Суу алгычка (Скважинага), суу сактагычка (резервуарга) уруксатсыз туташуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу |
3 | Суу алгычтын (Скважинанын ж.б.), суу сактагычтын (Резервуар) бүтүндүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
4 | «Таян-Тазалык» МИнин кызматкерлери болбогон учурда суу алгычта (скважинада), суу сактагычта (резервуарда) ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
5 | Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ичүүчү таза сууну өчүрүү | 500 сом | 1000 сом | 1 жолу |
6 | Карызды төлөгөндөн кийин ичүүчү сууну туташтыруу | 200 сом | 400 сом | 1 жолу |
7 | Кудуктун бүтүндүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Кудукту калыбына келтирет |
8 | Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүн бузуу | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Толук калыбына келтирүү, жумуштарды толук төлөө |
9 | Суу алуучу (скважина) жана суу сактоочу кампалардын (резервуардын) аймагына мал жаю (шарттуу 1 малдын башы менен) | 75 эсептик көрсөткүч | 230 эсептик көрсөткүч | 269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу |
10 | Кудукту сугат суу менен каптатуу | 75 эсептик көрсөткүч | 230 эсептик көрсөткүч | 269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу. Толук калыбына келтирет |
11 | Абонентин күнөөсү менен счетчиктерди тоңдүруу жана иштен чыгаруу, шарттуу ар бир суу эсептегичке | 200 эсептелген көрсөткүч | 650 эсептелген көрсөткүч | 116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Толук калыбына келтирүү, жумуштарды толук толоо |
12 | Кудукка уруксатсыз тушуу, ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү | 55 эсептелген көрсөткүч | 170 эсептелген көрсөткүч | 118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу Кудуктун ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат. |
Жооптуу катчы З.Айдаров