Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- ОТУРУМУ
2024-жылдын 27- июну № 28
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык
ишканасынын коммуналдык тɵлɵм ченемдерин бекитүү боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мелисбек у А. 2024-жылга карата коммуналдык төлөм ченемдери боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын коммуналдык тѳлѳмдѳр тѳмѳнкү ченемде бекитилсин:
Мраморное жана Рассвет айылы үчүн:
· Иче турган сууга – 35 сом/киши ай сайын;
· Канализация – 35 сом/киши ай сайын;
· Огороддорду сугарууга – 25 сом/сот;
· Таштанды үчүн – 25 сом/киши ай сайын;
Октябрь айылы үчүн:
· Иче турган сууга – 35 сом/киши ай сайын;
· Канализация – 35 сом/киши ай сайын;
· Огороддорду сугарууга – 25 сом/сот.ай сайын;
· Таштанды үчүн – 100 сом/ 1 кожолуктан ай сайын;
- Коммерциялык максатта пайдаланылган (кафе, мончо ж.б) 1 куб суу үчүн 20 сом
- Канализацияга туташтуу үчүн 2000 сом
- Ичүүчү сууга туташтыруу 2000 сом.
- Ичүүчү суу менен жашыл жерлерди ( шланг менен туташтыруу) суугаруу үчүн айып пул 7500 сом.( саат 22:00дөн 06:00гө чейин гана уруксат берилет)
- Таштандыларды белгиленбеген жерлерге төгүү 7500 сомдон 10000 сомго чейин айып пул салынат.
- Зыян 7500 +зыяндын ордун толтуруу
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9628.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |