Редакцияот 30.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын 23 сессиясы

 

2026-жылдын 30-июлу № 41

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча 6 айлык отчету жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык жана А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылышы жөнүндө айыл өкмөтүнүн отчетун угуп, талкуулап жана А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2026-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча 2026-жылдын 6 айлык отчету канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.

 

2.    Айыл өкмөтүнө:

a.    социалдык-экономикалык өнүгүү программасында каралган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;

b.    бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди күчөтүү;

c.    калкты таза суу, санитария, жол, жарыктандыруу жана башка коммуналдык кызматтар менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча кошумча чараларды көрүү;

d.    инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иштерди улантуу тапшырылсын.

 

3.    Программанын жылдык көрсөткүчтөрүнүн толук аткарылышын камсыздоо боюнча тиешелүү иш-чаралар планы иштелип чыгып, анын аткарылышы туруктуу көзөмөлгө алынсын.

 

 

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                Т.Галботоев