АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы”
2025-жыдын 18-февралындагы № 4/15
Мектеп автобусунун чыгымдары жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.02.2025- жылдагы №01-6/14 сандуу кайрылуу катына ылайык айылдын муктаждыктарына жана мектеп автобусуна транспорттук чыгымдарын бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу айыл аймагындагы муктаждыктарына жана №2 А.Осмонбеков орто мектебинин окуучуларын ташуучу автобусуна “Көмүр Кен”жоопкерчилиги чектелген коом ишканасы социалдык пакет эсебинен жардам берүү жагы суралсын.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу