Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

“Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы”

 

 

2025-жылдын  4-апрелиндеги   № 5/30

 

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансындагы мингич ат жөнүндө

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Ак-Суу айыл өкмөтүн балансындагы, Ак-Сай айыл башчысы М.Кутбаевдин карамагындагы мингич ат картайып калгандыгына байланыштуу сатып ордуна мотоцикл сатып алуу жагы каралсын.

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Ашыралиевке жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу