Редакцияот 26.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын X сессиясы

 

 

2025-жылдын  26-ноябрындагы № 10/57                                              

 

Артыкчылыктуу долбоорду жана өздүк салымды бекитип берүү жөнүндө

 

“Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы №20 токтомунун 2-тиркемесине ылайык, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. “Ак-Суу айыл өкмөтүнүн балансына автогрейдер LiuGong CLG4140D сатып алуу” долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.

 

  1. Долбоорго өздүк салым катары Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 4408071251007540 өздүк эсебинен 3112 беренесинен 2 138 400 сом бекитилсин.

           

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж. Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

Тɵрага М. Шаршеналы уулу