Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №2
“Участкалык шайлоо комиссияларынын
курамын бекитүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы С.Абдурасуловдун участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жаңыдан бекитүү боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларындагы
комиссия курамдары бекитилсин.
2.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
3.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция
органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.
Төрага |
К.Кушбаков |