Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №3
“Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын жашоочуларынын жыйынынын протоколу менен таанышып жана талкуулап Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булак айылынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары жана коомдук иштерине активдүү катышкандыктары үчүн Доронов Күмүшбек Болчуевичке, Жолоева Зымырат Сайпидиновнага жана Курманалиева Замира Исмаиловнага Кыз-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Ыраазычылык каты” Сары-Булак айылынын тургундары Койчуман кызы Таттыгүлгө, Молдалиева Назгүл Акжамбиловнага, Равшанбекова Элида Равшанбековнага жана Өмүрзакова Рабия Абдыкадыровналарга айылдын өнүүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн ыйгарылсын.
3.Ардактуу атуул берүү боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн
башкы соц.адиси М.Кадыровго жүктөлсүн.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагыны
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
5. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
К.Кушбаков |