Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-сентябры № 610
«KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана
стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) «KEL Start» улуттук конкурсунун алкагында инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин тиешелүү жылга бекитилген атайын эсебинин каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 69 (3829) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |