Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз I сессиясынын
2025-жылдын 26-мартындагы №8
“Жер бөлүп берүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык- Жар айылынын тургундарынын арызын карап, талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чымчык-Жар айылынын тургундары “Көк-бөрү”
оюунун ойноо үчүн жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтын тактап, бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке
милдеттендирилсин.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актларынын мамлекеттик реестирине жайгыштыруу жагы Кыз-Көл айыл аймагынын
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.С.Мурзакматовго милдеттендирилсин.
4.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып,Юстиция
органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыз-Көл айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысы Н.Караевке милдеттендирилсин.
Төрага |
К.Кушбаков |