АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 18-февралындагы № 4/14
Дизайн код эрежелери боюнча жалпы жобосу бекитүү жөнүндө
Аксы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 24.12.2024- жылдагы №01-8/28 сандуу кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура , курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) тарабынан сунушталган Кербен шаарынын жана айыл аймактардын калктуу конуштарындагы маалыматтык, жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшө карата талаптардын (Дизайн код) эрежелери боюнча жалпы жобосу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага М.Шаршеналы уулу