Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 18-февралындагы № 4/19
Ак-Суу айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2025-2029-жылдарга карата иш планы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу жайыт башкармасынын башчысы Э.Жоробековдун билдирүүсүн угуп талкуулап ,Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Суу айыл аймагынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2025-2029-жылдарга карата жайыт башкармасынын иш планы бекитилсин.
(тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага М.Шаршеналы уулу