Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 11-сентябрындагы
№ 610 токтомуна)
«KEL Start» инновациялык долбоорлордун
жана стартаптардын улуттук конкурсу жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсун (мындан ары – конкурс) уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды тандоо, каржылоо, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү жана натыйжалуулугун баалоо процессинде келип чыгуучу укуктук, уюштуруучулук жана финансылык мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Жобонун колдонулушу менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан, конкурска катышкан жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
3. Конкурстун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары – Министрлик) эсептелет.
4. Конкурстун катчылыгы болуп Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду (мындан ары – Мамлекеттик фонд) эсептелет.
5. Инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды тандоо конкурстук негизде ушул Жобого ылайык «KEL Start» улуттук конкурсунун алкагында инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) инновациялык долбоор – мөөнөттөрү жана аткаруучулары боюнча өз ара байланышкан иштердин комплексин, ошондой эле түзүлүүчү инновациялык продуктунун жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүдөн пайда же башка пайдалуу натыйжа алуу келечегин, ошондой эле инновациялык иштин мүмкүн болуучу тобокелдиктерин эске алуу менен каржылоо булактарына жана көлөмдөрүнө, өндүрүштү уюштуруу ыкмаларына, техникалык-экономикалык көрсөткүчтөргө жана түзүлүүчү инновациялык продуктунун керектөөчүлүк касиеттерине карата шарттарды жана талаптарды аныктоочу документ;
2) стартап – бул масштабдуу бизнес моделин табуу, иштеп чыгуу жана текшерүү, өзгөчө белгисиздик шарттарында жаңы продукт берүү же кызмат көрсөтүү аркылуу конкреттүү көйгөйдү чечүү үчүн арналган, инновациялык идеяларга негизделген жаңы долбоор же компания;
3) ведомстволор аралык комиссия – «KEL Start» инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын улуттук конкурсунун алкагында долбоорлорду баалоону жана тандоону жүзөгө ашыруучу ведомстволор аралык коллегиалдуу орган (мындан ары – Комиссия);
4) комплекстүү экспертиза – долбоорлорду илимий-техникалык, финансы-экономикалык, укуктук, социалдык-экономикалык жана экологиялык жактан баалоонун жыйындысы;
5) бизнес-долбоор (бизнес-план) – долбоорду ишке ашыруунун максаттарын, бизнес-процесстерин, финансылык моделин, тобокелдиктерин жана күтүлүүчү натыйжаларын түзүмдөштүрүп баяндоо;
6) акселерациялык программа (окутуу программасы) – окутуу, консультациялык жана эксперттик колдоо аркылуу инновациялык долбоорлордун сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга багытталган аларды өнүктүрүүнүн интенсивдүү этабы.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
7. Конкурстун максаты болуп инновациялык ишке дем берүү, стартап-экосистеманы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн перспективдүү долбоорлорду колдоо.
8. Конкурстун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инновациялык жана ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү жана дем берүү;
2) илимий жана технологиялык иштеп чыгууларды практикалык ишке ашыруу жана колдоо үчүн шарттарды түзүү;
3) интеллектуалдык иштин натыйжаларын экономикалык жүгүртүүгө киргизүү механизмдерин камсыз кылуу;
4) региондук инновациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
5) инновациялык ишти жайылтуу жана жаштарды технологиялык ишкердикке тартуу;
6) атаандаштыкка жөндөмдүү инновациялык чөйрөнү түзүү;
7) экологиялык, социалдык жана башкаруу стандарттарын жана принциптерин, ошондой эле санариптештирүүнү кошо алганда, туруктуу өнүгүүнүн эл аралык стандарттарын жана принциптерин ишке ашырууга көмөктөшүү.
3-глава. Конкурстун номинациялары жана багыттары
9. Конкурска катышуу үчүн өтүнмө ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Өтүнмө төмөнкү номинациялар боюнча берилет:
– «Жашыл технологиялар» – экология жана энергетика жаатындагы инновациялык долбоорлор;
– «Санарип аймак» – санариптик трансформацияга, региондук деңгээлде IT-чечимдерди (маалыматтык технологияларды, маалыматтык системаларды, санариптик платформаларды, программалык камсыздоону жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү) өнүктүрүүгө жана процесстерди автоматташтырууга багытталган долбоорлор;
– «Өнөр жай старты» – өндүрүштүк долбоорлор;
– «Азык-түлүк жана айыл чарба тармактары» – агрардык сектордогу инновациялар боюнча долбоорлор жана биотехнологиялык долбоорлор.
10. Конкурстун уюштуруучусу төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) катышуу үчүн бирдей шарттарды;
2) жол-жоболордун ачык-айкындуулугун;
3) коомчулукка маалымат берүүнү;
4) маалыматтын купуялуулугун.
11. Каржыланууга тийиш болгон долбоорлордун саны Комиссия тарабынан тиешелүү жылга каралган финансылык каражаттардын көлөмүнө жараша аныкталат, мында тандалып алынган инновациялык долбоорлордун жана стартаптардын жалпы саны жылына кеминде сегизди түзүүгө тийиш.
4-глава. Конкурсту өткөрүүнүн этаптары
12. Конкурс үч этапта өткөрүлөт: алдын ала тандоо, акселерациялык программа жана финалдык тандоо.
Өтүнмөлөрдү алдын ала тандоо белгиленген шайкештик критерийлери боюнча жасалма интеллект технологияларынын негизинде маалыматтык системаны колдонуу менен жүргүзүлөт. Алдын ала тандоонун жыйынтыктары боюнча кийинки этапка өткөрүлүүчү 30дан ашпаган долбоорду камтыган тизме түзүлөт. Алдын ала тандоодон өткөн конкурстун катышуучулары долбоорлордун бизнес-пландарын жеткире иштеп чыгууга багытталган милдеттүү акселерациялык программадан өтүшөт.
13. Финалдык тандоо комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү жана долбоорлорду Комиссиянын алдында презентациялоону (питчинг) камтыйт.
Конкурстун бардык этаптарын өткөрүүнүн жалпы мөөнөтү өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктаган күндөн тартып үч айдан ашпоого тийиш.
14. Комиссиянын чечимдери катышып жаткан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
5-глава. Комиссияны түзүү жана анын функциялары
15. Комиссия коллегиалдуу орган болуп саналат жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарларынын, башкармалыктардын начальниктеринин же түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин деңгээлинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана көз карандысыз эксперттерден кеминде тогуз адамдан түзүлөт.
Комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат жана тиешелүү министрдин же ведомствонун жетекчисинин сунушу боюнча анын курамына киргизилет.
16. Комиссия:
1) сунушталган инновациялык долбоорлорго жана стартаптарга акыркы баалоо жүргүзөт жана аларды тандайт;
2) эксперттик корутундулардын жана презентациялардын (питчингдин) натыйжаларынын негизинде конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктайт;
3) атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылоо берүү жана ар бир тандалып алынган долбоор боюнча каражаттардын көлөмүн аныктоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
4) конкурстук жол-жоболорду өткөрүүдө объективдүүлүк, ачык-айкындуулук жана калыстык принциптеринин сакталышын контродойт;
5) конкурстун этаптарын өткөрүүнүн жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелерди жана апелляцияларды карайт.
6-глава. Конкурстун катышуучуларына карата талаптар
17. Ушул Жобонун талаптарына ылайык келген инновациялык долбоорлорду жана (же) стартаптарды сунуштаган жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле юридикалык жактардын бирикмелерине конкурска катышууга жол берилет.
18. Катышуучулар келишимдик негизде долбоордук командаларды (консорциумдарды) түзүүгө жана команданын мүчөлөрүнүн ортосунда функцияларды, ролдорду жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү менен бирдиктүү долбоордук сунуш берүүгө укуктуу.
19. Конкурстун катышуучулары төмөнкү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш:
1) конкурстун багыттарына шайкеш келген иштелип чыккан инновациялык долбоордун жана (же) стартаптын болушу;
2) жоюу же банкроттук жол-жобосунун жоктугу (юридикалык жактар үчүн);
3) мурда берилген каражаттар боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин жоктугу (алар болгон учурда);
4) долбоорду ишке ашырууну камсыз кылган зарыл болгон кадрдык, илимий жана (же) техникалык потенциалынын болушу.
20. Конкурска катышуу үчүн катышуучулар катышуучунун категориясына жараша төмөнкү документтерди берет:
1) жеке жактар:
– белгиленген форма боюнча конкурска катышуу үчүн өтүнмө;
– долбоордун негизги аткаруучуларынын резюмелери;
– инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
– банктык реквизиттер (БИК, эсептешүү эсеби);
– бизнес-долбоор (бизнес-план) же стартаптын сыпаттамасы;
– долбоорду ишке ашыруу үчүн квалификациясын, тажрыйбасын, илимий, техникалык же башка потенциалынын бар экендигин ырастоочу документтер (бар болсо);
– салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу (бар экендиги) жөнүндө маалымкат;
2) юридикалык жактар:
– белгиленген форма боюнча конкурска катышуу үчүн өтүнмө;
– долбоордун негизги аткаруучуларынын резюмелери;
– банктык реквизиттер (БИК, эсептешүү эсеби);
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
– уставдын (жобонун) көчүрмөсү;
– өткөн отчеттук жыл үчүн бухгалтердик баланстын көчүрмөсү;
– салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу (бар экендиги) жөнүндө маалымкат;
– финансылык натыйжалар жөнүндө (пайда жана зыян жөнүндө) отчеттун көчүрмөсү;
– бизнес-долбоор (бизнес-план) же стартаптын сыпаттамасы.
21. Конкурстун катышуучулары берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
7-глава. Инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды баалоо критерийлери
22. Инновациялык долбоорлорду баалоо төмөнкү критерийлер боюнча жүргүзүлөт:
1) илимий-техникалык жаңычылдык – коргоо документтери же патенттик изилдөөлөрдүн натыйжалары менен ырасталган технологиялык чечимдердин болушу;
2) социалдык-экономикалык маанилүүлүгү – долбоордун тармактын өнүгүшүнө жана регионду өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүгө тийгизүүчү потенциалдуу таасири;
3) рыноктук атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү – колдонуудагы аналогдордун алдындагы артыкчылыктарынын жана продуктунун экспорттук потенциалынын болушу;
4) практикалык ишке ашырылышы – техникалык базанын, квалификациялуу команданын жана иштелип чыккан бизнес-пландын болушу;
5) экономикалык натыйжалуулугу – өзүн-өзү актоо боюнча болжолдордун негиздүүлүгү жана коммерциялаштыруу потенциалы;
6) тобокелдиктерди башкаруу – технологиялык, рыноктук жана финансылык коркунучтарды аныктоо, ошондой эле аларды азайтуу боюнча пландын болушу;
7) экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү принциптерине шайкештиги – айлана-чөйрөгө терс таасирдин жоктугу жана туруктуу өнүгүү принциптеринин сакталышы.
23. Стартаптар төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) инновациялуулугу – рыноктогу колдонуудагы аналогдорго салыштырмалуу олуттуу айырмалоочу белгилерге ээ болгон технологиялык чечимдин же бизнес-чечимдин болушу;
2) практикалык ишке ашырылышы – команданын компетенцияларынын, ресурстарынын жана продуктуну рынокко чыгаруу боюнча так иш-аракеттер планынын (жол картасынын) болушу;
3) масштабга чыгуу потенциалы – бизнести өстүрүү жана долбоорду ишке ашыруунун аймактык камтылышын кеңейтүү мүмкүнчүлүгү;
4) болжолдонгон натыйжалуулугу – финансылык көрсөткүчтөрдүн негиздүүлүгү, кирешенин күтүлүүчү көлөмү жана долбоордун региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы.
24. Комплекстүү экспертизанын жыйынтыгы боюнча өтүнмөлөрдүн рейтинги түзүлөт. Мында:
1) ар бир эксперттик корутунду боюнча жыйынтык балл ар бир критерий боюнча берилген баллдарды кошуу жолу менен түзүлөт;
2) эксперттер тарабынан өтүнмөлөрдү баалоодо баллдардын орточо мааниси өтүнмө боюнча бардык эксперттик корутундулардагы балл менен баалоонун орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.
8-глава. Каржылоонун тартиби жана шарттары
25. Инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды каржылоо Министрликтин атайын эсебинин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
26. Финансылык каражаттарды берүү жана пайдалануу, ошондой эле аларды эсептен чыгаруу Комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча Министрлик тарабынан чыгарылган буйруктун негизинде Мамлекеттик фонд тарабынан жүзөгө ашырылат.
27. Долбоорлорду каржылоо бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу шартында кайтарымсыз жана акысыз негизде жүргүзүлөт.
28. Бир долбоорго карата финансылык колдоонун өлчөмүнүн чеги төмөнкүлөрдү түзөт:
1) инновациялык долбоорлор үчүн – 2 000 000 (эки миллион) сомго чейин;
2) стартап-долбоорлор үчүн – 1 000 000 (бир миллион) сомго чейин.
29. Каржылоону берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана шарттары, ошондой эле тараптардын укуктары жана милдеттери, жоопкерчилиги жана отчеттуулуктун формалары Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик фонд менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосунда түзүлүүчү каржылоону берүү жөнүндө келишим менен аныкталат.
30. Каржылоо берүү жөнүндө келишимде анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) каржылоонун максаттуу багыты, көлөмү жана өлчөмү;
2) долбоорду ишке ашыруунун календардык планы;
3) каражаттарды которуунун шарттары, тартиби жана этаптары;
4) отчетторду берүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана формалары, ошондой эле ырастоочу документтердин тизмеги;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган башка шарттар.
31. Акча каражаттарын которуу тараптардын ортосунда келишим түзүлгөндөн кийин долбоорду ишке ашыруунун бекитилген планына-графигине ылайык этабы менен (транштар менен) жүргүзүлөт.
32. Жыл сайын ушул Жободо каралган каражаттардын эсебинен кеминде 8 (сегиз) долбоор каржыланууга тийиш.
9-глава. Долбоорлорду ишке ашыруу жана акча каражаттарын пайдаланууну контролдоо
33. Тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруу Мамлекеттик фонд менен каражаттарды алуучунун ортосунда түзүлүүчү каржылоону берүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
34. Бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына, ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрүнүн сакталышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Министрлик жана Мамлекеттик фонд тарабынан жүзөгө ашырылат.
35. Акча каражаттарын максатсыз пайдалануу фактылары, ошондой эле каражаттарды алуучунун күнөөсү боюнча келишимдин шарттары бузулгандыгы аныкталган учурда, бөлүнгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Министрликтин атайын эсебине кайтарылууга тийиш.
36. Акча каражаттарын алуучулар долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө мазмундук жана финансылык отчетторду келишимде белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык беш жыл бою берүүгө милдеттүү.
10-глава. Корутунду жоболор
37. Ушул Жобого белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.