Редакцияот 28.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз XIII-сессиясы

 

2026-жылдын 28-январы № 99

“Кулунду айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралында кабыл алынган №25-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын угуп, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын отуруму күн тартибиндеги  маселелерди карап жана талкуулап

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-февралындагы №25 токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөн №151 контуру №255 контуруна алмаштырылсын жана №255 контурдан Санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүнүн имаратын жаңыдан куруу үчүн 1000,0 чарчы метр жер бөлүп берүүгө макулдук берилсин. 
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына   милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.А.Досов