Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
2025-жылдын 28-октябрындагы №155
«А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин 1-класстарын сактап калуу жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагына караштуу А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто мектеби типтүү эмес мектеп болгондуктан, 1”А”- классында (кыргыз тилдүү) окуучулардын саны 9 (тогуз) окуучу болуп, 1”Б”-классында (орус тилдүү) 17 (он жети) окуучу болуп, башка жакка барып окуганга мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, ата-энелердин тандоосун эске алуу менен, мектеп директору С.Койчуманкулованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектүү XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын ата-энелеринин жана А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору
С.Койчуманкулованын кайрылуулары эске алынсын.
2. 2025-2026-окуу жылында А. Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү
мектеби типтүү эмес болгондуктан, окуучулардын контингентин, аз комплектүү класстарды сактап калуу максатында 1”А”-класста (кыргыз тилдүү) 9(тогуз) окуучу болгондуктан, 1”Б”-классында (орус тилдүү) 17 (он жети) окуучу болгондуктан, ата-энелердин тандоосун эске алуу менен, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында 1”А”,”Б”-класстарын аз комплектүү класс катары 1“А”,”Б” –класстарга бөлүп, класс-комплектованиеге киргизүү менен бекитип берүү Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Ж.Сенирбаевден суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык
маселелер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |