Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-сентябры № 611
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу
жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу процессин тартипке келтирүү максатында, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнө, 21-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жер тилкелерин убактылуу пайдалануунун мурда түзүлгөн келишимдерине колдонулбайт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 317 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 677 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 69 (3829) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |