Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 611 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
жаратылыш парктарынын жерлерин пайдалануу
жана башкаруу тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. МЖПнын жерлерин коргоо режими жана пайдалануу тартиби
3-глава. Режимдик зоналарда жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча конкурсту өткөрүү тартиби
§ 1. Конкурстук комиссиянын курамы жана иш тартиби
§ 2. Конкурстук документтердин пакети
§ 3. Конкурсту жарыялоо жана өткөрүү тартиби
§ 4. Жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимдин шарттары
§ 5. Арыз ээсин (катышуучуну) конкурска катышуудан четтетүү
4-глава. Режимдик зоналарды пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
5-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаратылыш парктарынын (мындан ары – МЖП) жерлерин пайдалануу жана башкаруу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Мыйзамга ылайык иштелип чыккан жана МЖПнын жерлерин пайдалануу боюнча укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле МЖПнын жерлерин пайдалануучу жеке жана юридикалык жактарга колдонулат.
3. Ушул Жободо колдонулган негизги терминдер:
1) асма жолдор – кабелдер аркылуу жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү ташуу үчүн аба транспорт системалары;
2) кароо аянтчасы – жаратылыш көрүнүштөрүнө же жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн аянтча;
3) бивак – убактылуу лагерь же туристтик баш калкалоочу жай, чатырларды орнотуу үчүн жер;
4) жер тилкесин убактылуу пайдалануу келишими – МЖПнын администрациясы менен конкурстун жеңүүчүсүнүн ортосундагы келишим, анда МЖПнын режимдик зонасындагы жер тилкесин убактылуу пайдалануу шарттары макулдашылат, тараптардын укуктары жана милдеттери, убактылуу пайдалануу мөөнөттөрү жана башка шарттар аныкталат;
5) инвестициялык конкурс – жеңүүчү МЖПнын режимдик зонасындагы убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкесин жакшыртууга инвестиция салууга милдеттенген конкурстун формасы;
6) коммерциялык конкурс – жеңүүчү белгиленген шарттарды сактоо менен МЖПнын режимдик зонасындагы жер тилкесин пайдалануу үчүн эң көп сумманы сунуштаган конкурстун формасы;
7) конкурс – МЖПнын режимдик зоналарындагы жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү жол-жобосу;
8) лыжа базасы – кышкы туризм үчүн инфраструктура объекти (трасса, көтөргүч, прокатка берүү пункту, эс алуу зоналары жана башкалар);
9) мамлекеттик жаратылыш парктары – жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү сактоо, мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун өзгөчө экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана рекреациялык баалуу уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана объекттерин жаратылышты коргоочу, экологиялык-агартуучу, илимий, туристтик жана рекреациялык максаттарда пайдалануу үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;
10) минералдуу суулар жана булактар – жер астынан табигый түрдө чыккан жана ар түрдүү минералдык туздарды жана пайдалуу химиялык элементтерди камтыган суу;
11) рекреациялык жүктөм – жаратылыш ресурстары үчүн зыян келтирбестен белгилүү бир убакытта белгилүү бир аймакта болууга уруксат берилген адамдын саны;
12) туристтик-рекреациялык зона – жаратылыш комплекстерин жана объекттерин коргоо режими белгиленген МЖПнын аймагы, анда рекреациялык жүктөмдүн ченемдерин эске алуу менен туристтик-рекреациялык ишти, анын ичинде маршруттарды, чыйыр жолдорду, токтотуучу жерлерди жана кароо аянтчаларын уюштурууга уруксат берилет;
13) туристтик инфраструктура – транспортту, жайгаштырууну (мейманканалар, пансионаттар), тамактанууну, экскурсиялык тейлөөнү жана байланышты кошкондо туристтердин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган жерлердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана объекттердин жыйындысы;
14) чакан ГЭС – суунун энергиясын электр энергиясына айландыруучу салыштырмалуу аз кубаттуулуктагы гидроэнергетикалык объекттер;
15) чектелген чарбалык иш зонасы – мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана башка объекттерди курууну жана пайдаланууну кошкондо парктын иштөөсүн жана келүүчүлөрдү тейлөөнү камсыз кылуучу административдик-чарбалык объекттерди жайгаштырууга уруксат берилген МЖПнын аймагы;
16) экологиялык туруктуулук зонасы – чарбалык жана рекреациялык ишке тыюу салынган калыбына келтирүү режими менен МЖПнын аймагы (жөнгө салынуучу экологиялык туризмди жана бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча жумуштардан тышкары);
17) токой билети – айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан иштелип чыгуучу жана МЖПнын администрациясы тарабынан берилүүчү так отчеттуулук документи.
2-глава. МЖПнын жерлерин коргоо режими жана пайдалануу
тартиби
4. МЖПнын аймагында төмөнкүдөй режимдик зоналар белгиленет:
1) корук зонасы;
2) экологиялык туруктуулук зонасы;
3) туристтик жана рекреациялык иш зонасы;
4) чектелген чарбалык иш зонасы.
5. Корук режими зоналарында мамлекеттик коруктар үчүн каралган ядро зонасынын режими белгиленет, экологиялык кырдаалды баалоо жана болжолдоо, биологиялык жана ландшафттык түрдүүлүктү сактоо, жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүү жана илимий-изилдөө иши жүргүзүлөт.
6. Экологиялык туруктуулук, туристтик-рекреациялык жана чектелген чарбалык иш зоналарында (мындан ары – режимдик зоналар) ушул Жободо каралган тартипте ишти жүргүзүүгө уруксат берилет.
7. Режимдик зоналарда ишти уюштурууда ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонот, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенет.
Энергия менен камсыз кылуунун туруктуулугун жогорулатуу үчүн чакан ГЭСтерди пайдалануу эгерде ал жаратылыш комплекстерине зыян келтирбесе артыкчылыктуу багыт, анын ичинде тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү катары каралат.
8. Режимдик зоналарда иштин төмөнкүдөй түрлөрү жүргүзүлөт:
1) экологиялык туруктуулук зонасында чарбалык жана рекреациялык ишке тыюу салган коргоо режими белгиленет (жөнгө салынуучу экологиялык туризмди, бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды кошпогондо). Ошол эле учурда төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилет:
- илимий-изилдөө ишине жана жаратылыш ресурстарын кайра өндүрүү, ошондой эле тарыхый-маданий эстеликтерди сактоо боюнча иштерге;
- ӨКЖАнын экскурсоводдорунун же гиддеринин коштоосунда алдын ала белгиленген жөө жана башка туристтик маршруттар боюнча экскурсияларга;
- санитардык токой кыюуга;
- бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерге;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тартиптерге ылайык рекреациялык жүктөм ченемдерин эске алуу менен туристтик жана рекреациялык зонада төмөнкүлөргө уруксат берилет:
- тарыхый-маданий эстеликтерди сактоо боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
- туристтик-рекреациялык ишти уюштурууга;
- туристтик маршруттарды жана чыйыр жолдорду түзүүгө;
- бивактарды жана кароо аянтчаларын жайгаштырууга;
- бал челектерди жайгаштырууга;
- санитардык токой кыюуга;
3) токой жайгаштыруу материалдары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундулары, ошондой эле рекреациялык жүктөмдөрдүн ченемдерине ылайык МЖПны коргоону жана иштөөсүн камсыз кылуу болгондо чектелген чарбалык иш зонасында төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилет:
- түтүк зымдарын, электр берүү жана коммуникация линияларын орнотууга;
- МЖПнын ишин камсыз кылууга байланышкан имараттарды жана курулмаларды курууга жана пайдаланууга;
- МЖПны өнүктүрүү планында каралган объекттер үчүн жер тилкелерин берүүгө;
- административдик-чарбалык объекттерди курууга, пайдаланууга жана тейлөөгө;
- чакан ГЭСтерди, ошондой эле маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана рекреациялык объекттерди, анын ичинде мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди, визит-борборлорун, конференц-залдарды, асма жолдорду, лыжа базаларын, велосипед жолдорун, кароо аянтчаларын, бивактарды, дааратканаларды жана тазалоочу курулмаларды курууга;
- жергиликтүү тез өсүүчү дарак породаларынан жана башка баалуу өсүмдүктөрдөн бакчаларды жана плантацияларды түзүүгө;
- токой үрөндөрүн, жапайы өскөн жаңгактарды, мөмөлөрдү жана жер-жемиштерди чогултууга;
- токойдо санитардык кыюуну жүргүзүүгө;
- бал челектерди жайгаштырууга;
- чөп чабууга;
- минералдуу сууларды жана булактарды пайдаланууга;
- малды (жылкы, ири мүйүздүү мал, кой, топоз) белгиленген тартипте жаюуга.
9. МЖПнын чектеринде жер тилкелерин убактылуу пайдалануу Кыргыз Республикасынын жаратылыш комплекстерин жана объекттерин коргоонун артыкчылыктарына ылайык жүргүзүлөт жана МЖПны түзүүнүн максаттарына каршы келбөөгө тийиш.
10. Чектелген чарбалык иш зонасында жеке жана юридикалык жактар тарабынан объекттерди куруу Кыргыз Республикасынын архитектуралык-пландоо, курулуш, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы жана башка мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.
11. Чектелген чарбалык иш зонасында дары чөптөрдү, токой үрөндөрүн, жапайы өскөн жаңгактарды, мөмөлөрдү жана жер-жемиштерди чогултуу МЖПнын администрациясы тарабынан бир сезонго берилүүчү токой билетинин негизинде жүргүзүлөт.
12. МЖПнын аймагы аркылуу өткөн республикалык жана облустук маанидеги жолдордун жээгине инерттик материалдарды сактоо жана ташуу үчүн убактылуу логистикалык аянтчаларды орнотууга уруксат берилет.
13. Режимдик зоналарда бир сезонго берилүүчү токой билетинин негизинде бал челектер жайгаштырылат.
14. Чектелген чарбалык иш зонасында мал жаюу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагында мал жаюу тартибине жана эрежелерине ылайык бир сезонго берилүүчү жайыт билетинин негизинде жүргүзүлөт.
15. МЖПнын аймагында жаратылыш ресурстарынын жана объекттеринин сапатын начарлатууга жана аларды түгөтүүгө багытталган иш-аракеттерди жүргүзүүгө тыюу салынат, анын ичинде:
1) жаныбарлардын жашоо жана өсүмдүктөрдүн өсүү шарттарын бузган ишке, ошондой эле тирүү организмдерди акклиматизациялоо максатында аларды интродукциялоого;
2) чайыр даярдоого, өндүрмө аңчылыкка, өнөр жайлык, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого, жапайы өскөн өсүмдүктөрдү өнөр жайлык даярдоого;
3) токойду жапырт кыюуга;
4) МЖПнын администрациясы менен макулдашылган жолдордон тышкары автотранспорттун кыймылына (өрткө каршы жана чарбалык иш-чаралар үчүн колдонулган транспорт каражаттарын кошпогондо);
5) мото жана квадротранспорттун кирүүсүнө (кызматтык транспортту кошпогондо);
6) жапайы жаныбарлардын жана келүүчүлөрдүн тынчтыгын бузган катуу үндөрдү чыгарууга жана кыйкырыктарга;
7) атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары туристтик токтотуучу жайларды уюштурууга, чатырларды орнотууга жана от жагууга;
8) транспорт каражаттарын жууга;
9) тарыхый-маданий объекттердин жерлерин пайдаланууга жана баалуу предметтерди алып чыгууга;
10) геологиялык чалгындоону жүргүзүүгө жана пайдалуу кенди казып алууга;
11) уулуу химикаттардын, минералдык жер семирткичтердин кампаларын жайгаштырууга жана өндүрүш калдыктарын көмүүгө;
12) аңчылыкка, аңчылык чарбаларын түзүүгө жана аңчылык базаларды жайгаштырууга;
13) жаратылыш жана тарыхый-маданий объекттердин абалын начарлатуучу башка иш-аракеттерге.
3-глава. Режимдик зоналарда жер тилкелерин мөөнөттүү
(убактылуу) пайдаланууга берүү боюнча конкурсту өткөрүү
тартиби
§ 1. Конкурстук комиссиянын курамы жана иш тартиби
16. Тилкелерди лотторго бөлүү схемасына ылайык режимдик зоналарда жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү үчүн конкурстук комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлөт.
17. Комиссиянын курамы беш адамдан турат.
18. Комиссиянын курамына соттолбогон жана МЖПнын администрациясынын жетекчилиги менен жакын туугандык байланышта болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары кириши мүмкүн.
19. Комиссиянын курамы МЖПнын директорунун буйругу менен үч жылдык мөөнөткө бекитилет.
20. Комиссия төмөнкү органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт:
1) МЖПнын администрациясынын – 2 адам (40 %);
2) МЖП жайгашкан аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – 2 адам (40 %);
3) коммерциялык эмес уюмдардын – 1 адам (20 %).
21. МЖПнын директору Комиссиянын курамына кире албайт. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ачык добуш берүү аркылуу 1 жылдык мөөнөткө шайланат.
22. Комиссиянын шайланган төрагасы жана анын орун басары МЖПнын директорунун буйругу менен бекитилет.
Комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыз кылууну МЖПнын администрациясы тарабынан өзүнүн кызматкерлеринин арасынан дайындаган катчы жүргүзөт. Катчы анын курамына кирбейт жана добуш берүү укугуна ээ эмес.
23. Комиссиянын жыйналышын төрага, ал жок болгон учурда –Комиссиянын төрагасынын орун басары алып барат.
24. Комиссиянын мүчөлөрү ачык добуш берүү аркылуу конкурска коюлган лоттор боюнча чечим кабыл алат.
25. Комиссиянын жыйналышы катчы тарабынан жүргүзүлгөн протокол менен таризделет. Протоколго жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчы кол коет.
26. Комиссиянын курамын өзгөртүү же мүчөсүн анын курамынан чыгаруу МЖПнын директорунун буйругу менен төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
1) Комиссиянын мүчөсүнүн жеке арызынын;
2) Комиссиянын мүчөсү менен конкурстун катышуучусунун ортосунда жакын туугандык байланыш бар экендиги же анын конкурстун катышуучусу менен бир ассоциацияда мүчөлүк аркылуу аффилирленгендиги фактысы аныкталганда. Аталган жагдайлар болгон учурда Комиссиянын мүчөсү өзүн-өзү четтетүү жөнүндө билдирүүгө жана бул лот боюнча конкурстук документтерди кароого катышпоого милдеттүү.
27. Эгерде анын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси ага катышса, Комиссиянын жыйналышы мыйзамдуу деп эсептелет. Комиссиянын чечимдери жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
§ 2. Конкурстук документтердин пакети
28. Конкурска катышуу үчүн арыз ээси МЖПнын администрациясына төмөнкү документтерди тиркөө менен кагаз же электрондук түрдөгү конкурстук өтүнмөнү берет:
1) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
- салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги жөнүндө салык органынын маалымкаты (болсо);
- ижарага алынган жер тилкесине суралган иштин долбоору;
2) юридикалык жактар үчүн:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү (болсо);
- салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын бар же жок экендиги жөнүндө салык органынын маалымкаты (болсо);
- ижарага алынган жер тилкесине суралган иштин долбоору.
29. Суралган иштин долбоорунда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) режимдик зоналарда ишке ашыруу пландалган иштин түрүнүн аталышы;
2) арыз ээсинин квалификациясы жөнүндө маалыматтар жана пландалган иштин негизги аткаруучуларынын тизмеги;
3) пландалган ишти ишке ашыруу мөөнөттөрү, этаптары жана каржылоо көлөмү (наркы);
4) туристтик-рекреациялык ишти пландаштырууда бир жылда келүүнүн болжолдонгон көрсөткүчтөрү (туристтердин саны);
5) калдыктарды чогултуу, тазалоо жана чыгаруу схемасы жана пайда болгон саркынды сууларды чыгаруу системасы;
6) айлана-чөйрөнү коргоо жана жер тилкесин рекультивациялоо боюнча иш-чаралардын комплекси;
7) пландалган ишти ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжалары;
8) жергиликтүү инфраструктураны жана (же) ГППнын инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чаралар.
Ушул пункттун 5, 6 жана 8-пунктчаларында каралган талаптар ушул Жобонун 8-пунктунун 3-пунктчасынын алтынчы абзацында көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнө карата колдонулат.
30. Катышуучу конкурстук өтүнмөнү жана ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди эки нускада тариздейт: бир нускасы түп нуска, экинчиси – көчүрмө болуп саналат. Документтер конвертке салынып, мөөр басылат жана өтүнмөлөрдү эсепке алуу журналына милдеттүү каттоо менен Комиссиянын катчысына берилет. Комиссиянын ар бир мүчөсү үчүн документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү конверттер ачылгандан кийин Комиссиянын катчысы тарабынан даярдалат.
§ 3. Конкурсту жарыялоо жана өткөрүү тартиби
31. МЖПнын администрациясы конкурс өткөрүү датасына чейин отуз календардык күндөн кечиктирбестен бекитилген форма боюнча конкурс жөнүндө жарыяны өзүнүн расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырат.
32. Жарыяда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга чыгарылган лоттордун (жер тилкелеринин) номерлерин жана мүнөздөмөлөрүн көрсөтүү менен конкурстун предмети;
2) жер тилкелеринин максаттуу багыты жана зонанын режимине ылайык аларды пайдалануу боюнча чектөөлөр;
3) конкурстук өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган жана аяктаган дата, убакыт;
4) конверттерди ачуу, өтүнмөлөрдү кароо жана конкурстун жыйынтыгын чыгаруу датасы, убактысы;
5) конкурстун катышуучуларына талаптар жана берилүүчү документтердин тизмеги.
33. Конкурстук өтүнмөлөр салынган конверттерди ачуу жана аларды кароо Комиссия тарабынан конкурстун катышуучуларынын катышуусунда жүргүзүлөт.
34. Конкурстук өтүнмөлөрдү кароодо жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу боюнча долбоорлордун сапаты жана мазмуну эске алынат.
35. Жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу боюнча долбоорлор төмөнкү критерийлердин негизинде баллдык система боюнча бааланат:
1) пландалган иштин МЖПнын зонасынын режимине, экосистемаларды жана биотүрдүүлүктү сактоо талаптарына шайкештиги;
2) пландалган ишти ишке ашыруу этаптарынын негиздүүлүгү, реалдуулугу жана иштелип чыккандыгы;
3) долбоорду практикалык ишке ашыруу жана анын экономикалык натыйжалуулугу;
4) сунушталган тазалоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын натыйжалуулугун кошкондо пландалган иштин экологиялык коопсуздугу;
5) пландалган иштин социалдык-экономикалык маанилүүлүгү, анын ичинде МЖПнын инфраструктурасын жана жергиликтүү калкты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар.
36. Комиссиянын чечими аны кабыл алган күндөн тартып үч жумуш күндөн кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана (же) МЖПнын администрациясынын маалымат тактасына жайгаштырылат.
37. Комиссиянын чечими МЖПнын директору тарабынан бекитилет.
38. Эгерде конкурстун катышуучуларынын саны үчтөн аз болсо, конкурс өткөн жок деп таанылат жана он төрт календардык күндөн кечиктирилбестен кайрадан жарыяланат.
39. Кайрадан жарыяланган конкурс катышуучулардын санына карабастан өткөрүлдү деп эсептелет. Эгерде бир лот боюнча бир гана катышуучу катталса жана Комиссия анын документтеринин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин белгилесе, бул катышуучу ошол лот боюнча жеңүүчү деп таанылат.
40. Эгерде бир да катышуучу катталбаса, анда бул лот боюнча конкурс өткөн жок деп эсептелет жана он төрт календардык күндөн кечиктирилбестен кайра жарыяланат.
41. Комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанууга болот.
42. Чакан ГЭСтерди жана энергетикалык орнотмолорду куруу максатында «Өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери» категориясындагы чектелген чарбалык иш зонасында жайгашкан жер тилкелерин пайдалануу укугун берүү энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн конкурстук тандоонун негизинде уюштуруучу тарабынан жүргүзүлөт.
§ 4. Жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу)
пайдаланууга берүү жөнүндө келишимдин шарттары
43. Режимдик зоналарда жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган жана даярдалган лотторго ылайык МЖПнын администрациясы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга конкурстук негизде жүргүзүлөт.
44. Жерлерди мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тиешелүү аймакта жашаган жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
45. Жайыттарды (бир сезонго берилген) жана тарыхый-маданий мурас объекттерин кошпогондо жер тилкелери төмөнкүдөй мөөнөткө берилет:
1) кыска мөөнөттүү – 5 жылга чейин;
2) орто мөөнөттүү – 25 жылга чейин;
3) узак мөөнөттүү – 50 жылга чейин.
Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууда узактыгы беш жылдык сыноо мөөнөтү милдеттүү тартипте белгиленет. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин келишимдин шарттарын жана ак ниеттүүлүк принциптерин сактаган пайдалануучу үчүн пайдалануу мезгили узартылышы мүмкүн.
Жер тилкесин пайдалануучу токой өстүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө укуктуу. Ийне жалбырактуу дарактарды отургузууда отургузулган аянт лоттун аянтына шайкеш келүүгө, жалбырактуу дарактарды отургузууда – лоттун аянтынан эки эседен кем эмес өлчөмдө болууга тийиш. Акчалай компенсациялоо иш-чараларынын маалыматтары алмашкан учурда каражаттар МЖПнын атайын эсебине которулат жана эсептик-технологиялык карта (ЭТК) боюнча эсептөөлөрдүн негизинде токойду калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн колдонулат.
46. Режимдик зоналардагы жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишим (мындан ары – келишим) Комиссиянын чечиминин негизинде түзүлөт.
47. Келишим ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген типтүү форма боюнча түзүлөт.
48. Келишим үч нускада түзүлөт, алардын ар бири бирдей юридикалык күчкө ээ: бир нускасы – пайдалануучу үчүн, экинчиси – МЖПнын администрациясы үчүн, үчүнчүсү – кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзүүчү орган үчүн.
49. Келишим кол коюлган күндөн тартып он төрт жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш жана мындай каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
50. МЖПнын администрациясы келишим катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде убактылуу жер пайдалануучулардын бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу органга анын көчүрмөсүн жиберет. Келишим МЖПнын администрациясынын күнөөсү боюнча реестрге киргизилбесе кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат, бирок катталган келишимди колдонууну токтотпойт.
51. Келишим төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:
1) форс-мажордук жагдайлардын (жаратылыш жана техногендик кырсыктардын) кесепетинен жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу мүмкүн болбогон учурда;
2) жерлердин категориясынын максаттуу багыты өзгөргөн учурда;
3) жер тилкеси мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн алынган учурда;
4) жер тилкесин пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарында каралган тартипте үчүнчү жакка өткөн учурда;
5) келишимдин олуттуу шарттарын, анын ичинде инфляциянын деңгээлине же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын өзгөрүшүнө байланыштуу пайдалануу үчүн акынын өлчөмүн өзгөртүү зарыл болгондо.
52. Жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу төмөнкү учурларда токтойт:
1) пайдалануучу жер тилкесин пайдалануу укугунан ыктыярдуу баш тартканда;
2) келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
3) пайдалануучу (жеке жак) каза болгондо, мураскорлору жок болгондо;
4) юридикалык жак – пайдалануучу жоюлганда;
5) жер тилкеси мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн алынганда;
6) келишимди бузуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирүүсүнүн негизинде, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу:
- жер тилкесин субижарага берүүгө тыюу салууну бузуу менен;
- пайдалануучу келишим жана (же) жер тилкесин өздөштүрүү (пайдалануу) долбоору боюнча милдеттенмелерди аткарбаганда;
- форс-мажордук жагдайлардын (жаратылыш жана техногендик кырсыктардын) кесепетинен жер тилкесин андан ары пайдалануу мүмкүн болбогон учурда.
53. Коммерциялык конкурстун натыйжасы боюнча түзүлгөн келишимде төлөмдөрдүн коммерциялык шарттары, тартиби жана мөөнөтү милдеттүү тартипте көрсөтүлөт.
54. Инвестициялык конкурстун негизинде түзүлгөн келишимде конкреттүү конкурстук жана инвестициялык шарттарды аткаруу боюнча милдеттенмелер, ошондой эле инвестициялоо графиктери кошумча көрсөтүлөт.
55. Келишим төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) тараптардын аталышы жана реквизиттери;
2) келишимдин предмети, анын ичинде жер тилкесинин чек араларын (координаттар системасындагы бурчтук чекиттер жана пландык-картографиялык материалдарды тиркөө менен), ошондой эле уруксат берилген иштин түрүн көрсөтүү;
3) пайдалануунун максаты, шарттары жана мөөнөтү;
4) пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү, мөөнөттөрү жана төлөө тартиби;
5) тараптардын укуктары жана милдеттери;
6) келишимди өзгөртүү, токтотуу жана бузуу тартиби;
7) милдеттенмелерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги;
8) талаш-тартыштарды чечүү тартиби жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар.
56. Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп координаттык системадагы бурчтук чекиттерди көрсөтүү менен жер тилкесинин схема-картасы, кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы жана чек араларды макулдашуу актысы саналат.
57. Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жер тилкеси кабыл алуу-өткөрүп берүү (кайтарып берүү) актысынын негизинде аны мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн жарактуу абалда МЖПнын администрациясына кайтарылууга тийиш.
58. МЖПнын администрациясы келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө жазууну жокко чыгаруу үчүн расмий кабарлама жиберет жана жергиликтүү каттоо органына кабарлайт.
59. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган күрөөгө коюуга, субижарага берүүгө болбойт же үчүнчү жактарга укуктар өткөрүп берилбейт.
60. Конкурстун жеңүүчүсү келишим катталган күндөн тартып алты айдын ичинде объекттерди жайгаштыруу долбоорун макулдашуу үчүн МЖПнын администрациясына берүүгө милдеттүү.
61. Пайдалануучу мыйзамдардын талаптарын, келишимдин шарттарын же МЖПнын администрациясынын жазма буйруктарын аткарбаган учурда, МЖПнын администрациясы пайдалануучуга бул жөнүндө отуз календардык күн мурда жазуу жүзүндө кабарлоо менен келишимди бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу. Бул шарт келишимге милдеттүү киргизилүүгө тийиш.
62. Келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган, жыл сайын жазгы жана күзгү комиссиялык текшерүүлөрдүн актылары менен ырасталган пайдалануучу келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин аны кайрадан конкурс өткөрбөстөн жаңы мөөнөткө узартууга артыкчылыктуу укукка ээ болот.
63. Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин же ушул Жобонун 52-пунктунда каралган негиздерде пайдалануу укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жер тилкеси МЖПнын администрациясынын атайын комиссиясынын актысынын негизинде алынат. Пайдалануу укугунун токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар МЖПнын администрациясы тарабынан ушул Жобонун 58-пунктуна ылайык мамлекеттик каттоо органына жиберилет.
64. Жеке жактардын же транспорт каражаттарынын МЖПнын аймагына кирүүсү жана (же) өтүүсү үчүн акы алынат. Түшкөн акча каражаттары МЖПнын атайын эсебине которулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланылат.
§ 5. Арыз ээсин (катышуучуну) конкурска катышуудан
четтетүү
65. Комиссия конкурсту өткөрүүнүн каалаган этабында төмөнкү учурларда арыз ээсин (катышуучуну) катышуудан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:
1) эгерде конкурстук документтер жана (же) кошумча маалыматтар бузуулар менен толтурулса же Жободо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе (белгиленген талаптарга шайкешсиздик, анык эмес же түшүнүксүз фактылардын болушу);
2) эгерде конкурстук документтерде талаптарга шайкеш келбеген же болбосо так эмес же толук эмес маалыматтар камтылса;
3) эгерде арыз ээси (катышуучу) тарабынан анык эмес, атайылап жалган же бурмаланган маалыматтар берилсе;
4) өтүнмө берүү датасына арыз ээсинин (катышуучунун) салыктар, жыйымдар жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча белгиленген тартипте таанылган карызы болсо;
5) эгерде арыз ээси (катышуучу) тарабынан мурда түзүлгөн жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу жөнүндө келишимдер боюнча шарттар аткарылбаса жана алар боюнча МЖПнын администрациясынын жазма буйруктары аткарылбаса.
66. Комиссиянын арыз ээсин (катышуучуну) четтетүү жөнүндө чечими катчы тарабынан жыйналыштын протоколунда четтетүүнүн негиздерин милдеттүү көрсөтүү менен белгиленет. Уюштуруучу бекиткен форма боюнча түзүлгөн четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине (катышуучуга) жиберилет.
4-глава. Режимдик зоналарды пайдаланууга мониторинг
жүргүзүү
67. МЖПнын режимдик зоналарын пайдаланууга мониторинг жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
68. Мониторинг жүргүзүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана маалыматтар базасын түзүү;
2) жерлерди пайдалануунун учурдагы абалына комплекстүү талдоо жана баалоо жүргүзүү;
3) кырдаалды орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоо;
4) ченемдик укуктук, башкаруучулук, чарбалык жана технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу.
69. МЖПнын администрациясы квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен режимдик зоналарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ыйгарым укуктуу органга берет.
Отчеттун тартиби, мөөнөттөрү жана формасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. Берилген отчеттордун негизинде ыйгарым укуктуу орган режимдик зоналарды пайдалануу боюнча маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.
70. Режимдик зоналардагы жерлерди пайдалануунун абалын талдоо жана баалоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) жер тилкелеринин абалынын жана пайдалануунун өзгөрүү тенденцияларын аныктоо;
2) жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун жана сарамжалдуулугун жогорулатуу;
3) МЖПнын инфраструктурасын андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо.
Талдоонун жана баалоонун жыйынтыктары режимдик зоналарды пайдаланууну пландоо, ошондой эле ушул Жобонун 68-пунктунун 3, 4-пунктчаларында каралган этаптарды ишке ашыруу үчүн негиз болот.
71. Режимдик зоналарды пайдалануучулар Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү аймактык органдарга расмий статистикалык отчетту берет.
5-глава. Корутунду жоболор
72. Ушул Жобо Кыргыз Республикасындагы МЖПнын жерлерин пайдалануунун укуктук негиздерин, максаттарын жана чектөөлөрүн аныктайт.
73. Жобо бардык МЖПга колдонулат жана алардын режимин сактоо жана коргоо максатында чарбалык ишти жөнгө салат.
74. МЖПнын өзгөчөлүктөрүн жана экологиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен ушул Жобо аларды туруктуу пайдаланууну, коргоону жана келечек муундар үчүн сактоону камсыз кылууга багытталган.
75. Ушул Жобонун талаптары мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар тарабынан милдеттүү аткарылат.