Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №170
«Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жашоо шарты, ден соолугу оор болгон тургундарга кышка карата көмүр менен камсыздоо үчүн каражат карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жашоо шарты, ден соолугу оор болгон тургундарга жакындан жардам көрсөтүү максатында кышка карата көмүр менен камсыздоо үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда жашаган жашоо шарты, ден соолугу оор болгон тургундарга жакындан жардам көрсөтүү максатында кышка карата көмүр менен камсыздоо үчүн 840 000 ( сегиз жүз кырк мин ) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |