Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2025-жылдын 26-ноябрындагы №171
«Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда карышкыр, чөө аткан мергенчилердин сый акысына каражат карап берүү жөнүндө»
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исраиловдун Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда мал-жандыктарга карышкыр, чөөлөр тийип,
коопсуздук жаратып жаткандыктан, карышкыр, чөөлөрдү аткан мергенчилерге сый акы
үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай айыл аймагына караштуу айылдарда мал-жандыктарга карышкыр, чөөлөр тийип, коопсуздук жаратып жаткандыктан, карышкыр, чөөлөрдү аткан мергенчилерге сый акы үчүн, чөө аткандарга 5 000 ( беш мин) сом, карышкыр аткандарга 8 000 (сегиз мин) сом акча каражаты пландан ашыкча аткарылган бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек – Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | Абибакир у. Ж. |