АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 18-февралындагы № 4/16
“Көмүр-Кен” жоопкерчилиги чектелген коому жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевдин билдирүүсүн угуп,
талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Көмүр-Кен” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Арстанбеков Исамидиндин арызы боюнча Кара-Күңгөй участкасынан таштанды төгүп пайдаланууга 7,15(жет бүтүн ондон беш) га жер тилкесине макулдук берилсин.
- Техникалык долбоордо көрсөтүлгөн 7,15(жет бүтүн ондон беш) га жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлсүн, жеринде барып көрүп тактап мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловко милдеттендирлисин .
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу