Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

2026-жылдын 27-марты № 118

“Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айылдык кеңештин Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 02-мартында №12 протоколунун чечимине таянып жана муниципалдык ишкананын директору Абдималик Саттаровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XV сессиясынын отурумунун №15 протоколунун чечиминин  2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 4 770 000 (төрт миллион жети жүз жетимиш жети миң) сом жана чыгаша бөлүгү 4 770 000 (төрт миллион жети жүз жетимиш жети миң) сом болуп бекитилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин  Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Төрага

А.А.Досов