Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

2026-жылдын 27-марты № 127

 “Кулунду айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы 13-сессиясынын №101 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык, Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХV сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кулунду айылдык кенеши ХV сессиясынын отурумунун №15-протоколунун чечиминин 3-бөлүмүнүн 12-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы 13-сессиясынын №101 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор “Кулунду айыл аймагына караштуу Интернационал айылынын Ш. Джумабаев көчөсүнүн №38 дарегиндеги 8-03-07-1003-1141 идентификация кодундагы А. Дж. Пусуровдун 596,0 чарчы метр жеке менчик жер тилкеси багытындагы жер участогун элге кызмат көрсөтүүчү соода борборун курууга жана жер участканын максаттуу багытын спорттук машыгуу залы жана спорттук шаймандарын сатуучу түйүн жана кафе” деп өзгөртүлүп, ушул багытка которууга макулдук берилсин. 
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.А.Досов