Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 6-сентябры № 210
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуучулук ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 8-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин (мындан ары – Тизмеги), тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан Тизмеде көрсөтүлгөн коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу (жоюу) максатында туруктуу негизде төмөнкү иштер жүргүзүлсүн:
- коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу же жоюу боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу;
- мамлекеттик жарандык кызматчылардын коррупцияга каршы укуктук аң-сезимин жогорулатууга багытталган иш-чараларды өткөрүү;
- тиешелүү бөлүмдөрдүн ишинде коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышына шарт түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо жана аларды жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Жобонун 3-тиркемесине ылайык, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын түзүү боюнча сунуштарды эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгып, Уюштуруу иштери секторуна берилсин.
3. Министрликтин сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрукту белгиленген тартипте катталган күндөн тартып Министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.
4. Министрликтин уюштуруу иштери сектору:
1) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө жарыялануу булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына маалымат үчүн жиберилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 4-октябрындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү тууралуу” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Ч. Мамат уулуна жүктөлсүн.
7. Министрликтин Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү ушул буйрукту Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө жеткирсин.
8. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министрдин м.у.а. |
| К.С. Досматов |