Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы

 

2025-жылдын  4-апрелиндеги № 5/22

 

№2 А.Осмонбеков орто мектебинин окуучуларын ташуучу автобусу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. №2 А.Осмонбеков орто мектебинин окуучуларын ташуучу автобусуна күйүүчү майын жана айдоочунун айлык маянасын социалдык пакет эсебинен төлөп берүү жагы мыйзам чегинде каралсын.

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу