Редакцияот 27.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

2026-жылдын 27-марты № 128

 “Мүрөк чайканасынын жаңы салынган имаратынын жанына тамак-аш  бышыруу үчүн жеңил типтеги тамак бышыруучу жай курууга жөнүндө”

Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Абдуллатип уулунун баяндамасын жана Кулунду айыл өкмөтүнүн жер адиси Д. Жумабай уулунун маалыматын угуп, айылдык кеңештин кезектеги ХV сессиясынын отуруму күн тартибиндеги маселелерди карап талкуулап, Кулунду айылдык кенеши ХV сессиясынын отурумунун №15-протоколунун чечиминин 3-бөлүмүнүн 8-пунктунун негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кулунду айылында жайгашкан Мүрөк чайканасынын жаңы салынган имаратынын жанына тамак-аш  бышыруу үчүн жеңил типтеги тамак бышыруучу жай курууга уруксат берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кулунду айылдык кеңешинин Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

А.А.Досов