Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2026-жылдын 6-сентябрындагы
№ 210 буйругуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тутумунда коррупциялык тобокелдиктер бар учурлардын жана кырдаалдардын
тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциялык тобокелдиктер бар учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орто, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
1 - глава. Контролдук жана көзөмөлдөө функциялары | |||||||
1 | Эмгек мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзүү, бузууларды жоюу жөнүндө аткарууга милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу аркылуу жүзөгө ашыруу | Аныкталган бузууларды жашыруу, чара көрбөө же жоопкерчилик чараларын негизсиз жеңилдетүү
| Системалык | Жогорку | КР ЭКММнин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы | Кызматтын жетекчиси, жетекчинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери, мамлекеттик эмгек инспекторлору | Контролдук-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарда, анын ичинде КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында, КР ӨКМгө караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматында, КР Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинде, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде жана КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол-транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгында |
2 | Өндүрүштөгү кырсыктарды белгиленген тартипте иликтөө, алардын себептерин талдоо, мындай учурлардын алдын алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана иш берүүчүнүн комиссиясынын жеңил өндүрүштүк кырсыктын өндүрүш менен байланышы жок экендиги жөнүндө корутундуларын макулдашуу | Кырсыктын жагдайларын объективдүү эмес иликтөө, анын келип чыгуу себептерин бурмалоо, кырсыктын квалификациясын негизсиз өзгөртүү, иш берүүчүнүн комиссиясынын анык эмес корутундуларын макулдашуу же кызыкдар адамдарга артыкчылыктарды түзүү же жоопкерчиликтен качуу максатында мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө | Системалык | Жогорку | КР ЭКММнин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы | Кызматтын жетекчиси, жетекчинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери, мамлекеттик эмгек инспекторлору, өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүүгө катышкан кызмат адамдары | Ушундай коррупциялык тобокелдик КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында жана КР ӨКМгө караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматында аварияларды, өзгөчө кырдаалдарды жана башка окуяларды иликтөөдө пайда болушу мүмкүн. |
3 | Эмгек чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу | Күнөөлүү адамдарды административдик жоопкерчиликтен негизсиз бошотуу, мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө, кылмыштын белгилери болгон учурда материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп бербөө. | Системалык | Жогорку | КР ЭКММнин Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө кызматы | Кызматтын жетекчиси, жетекчинин орун басарлары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн начальниктери, мамлекеттик эмгек инспекторлору, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары | Ушундай коррупциялык тобокелдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана административдик таасир этүү чараларын колдонууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, анын ичинде КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында, КР ӨКМгө караштуу Өрт көзөмөлдөө кызматында, КР Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаментинде, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол-транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгында, ошондой эле өз компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштерди караган башка ыйгарым укуктуу органдарда да пайда болушу мүмкүн. |
2- глава. Лицензиялык-уруксат берүү функциялары | |||||||
1 | Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө ишке орношуусун камсыз кылуу чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө укук берүүчү документтерди берүү жөнүндө арыздарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу | Лицензияны берүү, берүүдөн баш тартуу, узартуу, токтото туруу, кайра жандандыруу же жокко чыгаруу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу, мыйзамдарда каралбаган документтерди талап кылуу, арыздарды кароо мөөнөттөрүн атайылап создуктуруу, мыйзамсыз пайда алуу максатында айрым арыз ээлери үчүн негизсиз артыкчылыктарды же тоскоолдуктарды түзүү | Системалык | Жогорку | КР ЭКММнин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору
| Борбордун директору, директордун орун басарлары, бөлүмдөрдүн начальниктери, лицензиялоо боюнча арыздарды кароого жана чечимдерди даярдоого катышкан адистер
| Ушундай коррупциялык тобокелдик лицензиялоо жана уруксат берүү ишин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарда, анын ичинде КР ССМде, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, КР Курулуш министрлигинде пайда болушу мүмкүн.
|
2 | Уруксат берүүчү документтерди берүү чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууда кызматтык ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануу | Уруксат берүүчү документтерди берүүдөн негизсиз баш тартуу же аларды мыйзамсыз берүү.
| Кырдаалдык | Орто | КР ЭКММнин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору
| Борбордун директору, директордун орун басарлары, бөлүмдөрдүн начальниктери, лицензиялоо боюнча арыздарды кароого жана чечимдерди даярдоого катышкан адистер | Ушундай коррупциялык тобокелдик лицензиялоо жана уруксат берүү ишин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарда, анын ичинде КР ССМде, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде, КР Курулуш министрлигинде пайда болушу мүмкүн.
|
3 | Лицензиялык-уруксат берүү ишмердиги чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди объективдүү эмес кароо жана күнөөлүү адамдарды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу
| Лицензиясыз же лицензиялык талаптарды бузуу менен иш жүргүзгөн адамдарды административдик жоопкерчиликке тартпоо, укук бузуунун квалификациясын өзгөртүү, мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө же кызыкдар адамдарга артыкчылыктарды түзүү же мыйзамсыз пайда алуу максатында чечимдердин, көрсөтмөлөрдүн жана тескемелердин аткарылышын контролдоо боюнча чараларды көрбө | Кырдаалдык | Төмөн | КР ЭКММнин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору | Борбордун директору, директордун орун басарлары, бөлүмдөрдүн начальниктери, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана административдик жазаларды колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу адистер | Ушундай коррупциялык тобокелдик лицензиялоо жана уруксат берүү ишин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарда пайда болушу мүмкүн |
3-глава. Жөнгө салуу функциялары КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №252 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республик масынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө” жобонун 3-главасынын 7-пунктунун “В” пунктчасына ылайык жөнгө салуу функцияларын жүзөгө ашырат: 1. Эл аралык бала асырап алуу боюнча аккредиттелген орган; 2. Аккредиттелген интернаттык мекеме; | |||||||
1
| Кыргыз Республикасынын жарандары болгон балдарды эл аралык асырап алуу (бала кылып алуу) боюнча чет өлкөлүк уюмдардын өкүлчүлүктөрүн аккредитациялоо, аккредитацияны узартуу, токтото туруу, кайра жандандыруу жана жокко чыгаруу жөнүндө материалдарды кароо жана чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-январындагы №69 токтому менен бекитилген Жобого ылайык кабыл алуу | Аккредитациялоо, аккредитацияны узартуу, токтото туруу, кайра жандандыруу же жокко чыгаруу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу, мыйзамдарда каралбаган документтерди талап кылуу, материалдарды кароо мөөнөттөрүн атайылап создуктуруу, кызыкдар адамдарга артыкчылыктарды түзүү же мыйзамсыз пайда алуу максатында айрым арыз ээлери үчүн негизсиз артыкчылыктарды же тоскоолдуктарды түзүү
| Системалык | Орто | КР ЭКММнин Балдарды коргоо башкармалыгы
| Башкармалыктын начальниги, адистери, ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү | Бул коррупциялык тобокелдик ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү болгон мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү |
2 | Менчигинин түрүнө карабастан, интернат тибиндеги балдар мекемелерин жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана улгайган жарандарга кызмат көрсөтүүчү социалдык тейлөө мекемелерин (уюмдарын) аккредитациялоону жүзөгө ашыруу | Аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу, мыйзамдарда каралбаган документтерди талап кылуу, кызыкдар адамдарга артыкчылыктарды түзүү же мыйзамсыз пайда алуу максатында айрым мекемелер үчүн негизсиз артыкчылыктарды же тоскоолдуктарды түзүү, бул адамды ага берилген кызматтык ыйгарым укуктарды же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү укукка каршы пайдаланууга көндүрүү максатында | Системалык | Орто | КР ЭСКММнин балдарды коргоо башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, адистери, эксперттик топтун мүчөлөрү жана аккредитациялоону жүргүзүүгө жана эксперттик корутундуларды даярдоого катышкан кызмат адамдары
| Бул коррупциялык тобокелдик ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү болгон мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү |
4-глава. Көрсөтүлүүчү кызматтар КР Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» 2024-жылдын 12-июнундагы №304 токтомуна ылайык 28 мамлекеттик кызмат көрсөтүлөт, алардын ичинен 11 толугу менен, 5 жарым-жартылай санариптештирилген | |||||||
1 | Майыптыктын бар экендигин аныктоо, тобун, себебин, башталган мөөнөттөрүн аныктоо боюнча күбөлөндүрүү/кайра күбөлөндүрүү жүргүзүү
| Мыйзамсыз пайда алуу максатында майыптык категориясын негизсиз белгилөө, кызматтык ыйгарым укуктарды же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү укукка каршы пайдаланууга бул адамды көндүрүү максатында күбөлөндүрүү жүргүзүү
| Системалык
| Жогорку
| Медициналык-социалдык экспертизанын республикалык борбору жана МСЭКтин аймактык бөлүмдөрү
| МСЭКтин жетекчилери жана кызматкерлери | Коррупциялык тобокелдик Медициналык-социалдык экспертизанын республикалык борборунун жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине тиешелүү |
2 | Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик программалардын, өкмөттөр аралык жана башка макулдашуулардын алкагында чет өлкөдө ишке орношууга көмөк көрсөтүү
| Жумуштун, мамлекеттердин ж.б. түрлөрүн тандоодо белгилүү адамдарга артыкчылык берүү
| Системалык
| Орто
| КР ЭКММнин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору
| Жетекчилер жана кызматкерлер
| Коррупциялык тобокелдик жарандарды мамлекеттик программаларга, долбоорлорго, окутууга, стажировкаларга, ишке орноштурууга жана башка иш-чараларга конкурстук же башка негизде катышуу үчүн тандоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарда жана мекемелерде пайда болушу мүмкүн |
3 | Асырап алуучу, камкорчу жана көзөмөлчү, кабыл алуучу ата-эне болуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү.
| Негизсиз терс корутунду же негизсиз оң корутунду берүү | Системалык
| Жогорку
| КР ЭКММнин аймактык бөлүмдөрү | Жетекчилер жана кызматкерлер
| Камкордук жана көзөмөлчүлүк органдарында, ошондой эле бала асырап алуу (бала кылып алуу), камкордукка (көзөмөлчүлүккө) алуу жана балдарды кабыл алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу жол-жоболоруна катышкан башка мамлекеттик органдар жана мекемелер. |
4 | Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоо жана төлөө
| Мындай укугу жок адамдарга социалдык төлөмдөрдү негизсиз дайындоо; социалдык төлөмдөрдү дайындоодон негизсиз баш тартуу; пара берүүгө көндүрүү максатында документтерди кароо мөөнөттөрүн атайылап создуктуруу | Системалык
| Жогорку
| КР ЭКММнин аймактык бөлүмдөрү | Жетекчилер жана кызматкерлер
| Коррупциялык тобокелдик мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындоону жана төлөөнү жүзөгө ашыруучу Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө мүнөздүү. |
5 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук дарылоону берүү
| Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга санатордук-курорттук жолдомолорду белгиленген кезектүүлүктөн тышкары, белгиленген критерийлерди сактабастан же берүүнүн белгиленген мезгилдүүлүгүн (беш жылда бир жолу) бузуу менен негизсиз берүү | Системалык
| Орто
| КР ЭКММнин аймактык бөлүмдөрү
| Жетекчилер жана кызматкерлер
| Коррупциялык тобокелдик Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө мүнөздүү. |
5-глава. Башка функциялар | |||||||
1 | Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында социалдык долбоорлорду конкурстук тандоону уюштуруу, каржылоо, мониторинг жүргүзүү жана алардын ишке ашырылышын контролдоо
| Конкурстук өтүнмөлөрдү объективдүү эмес баалоо, иш жүзүндө текшербестен отчетторго жана актыларга кол коюу, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжаларын бурмалоо жана аныкталган бузууларды жашыруу. Мамлекеттик социалдык заказдын шарттары бузулгандыгы, каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы же милдеттенмелер аткарылбагандыгы аныкталган учурда чара көрбөө. Долбоорлорду каржылоонун жана ишке ашыруунун шарттарын негизсиз өзгөртүү | Системалык
| Жогорку
| КР ЭСКММнин Социалдык камсыздоо департаменти
| Жетекчилер жана кызматкерлер
| Бул тобокелдик мамлекеттик социалдык заказ болгон бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
2 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу, өткөрүү жана коштоо.
| КР ЭКММнин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда кызматтык ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкчылыктардын кагылышы, анын ичинде муктаждыкты жана техникалык талаптарды түзүү, берүүчүлөрдү тандоо, өтүнмөлөрдү баалоо, жеңүүчүнү аныктоо, кабыл алуу жана төлөө, айрым берүүчүлөргө негизсиз артыкчылыктарды түзүүгө же товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Министрликтин муктаждыктарына ылайык келбеген шарттарда сатып алууга алып келген. | Кырдаалдык
| Орто
| КР ЭКММнин Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү жана ведомстволук, социалдык-стационардык мекемелери жана аймактык бөлүмдөрү
| Жетекчилер жана кызматкерлер
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн. |
3 | Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс уюштуруу жана өткөрүү, кадрлар резервин түзүү жана пайдалануу, мамлекеттик жарандык кызматчыларды которуу жана ротациялоо
| Конкурс өткөрүүдө айрым талапкерлер үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү; конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан талапкерлерди объективдүү эмес баалоо; талапкерлерди конкурска катышууга негизсиз киргизүү же киргизбөө; айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн которуу же ротациялоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу | Системалык
| Жогорку
| КР ЭКММнин Адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмү жана ведомстволук, социалдык-стационардык мекемелери жана аймактык бөлүмдөрү
| Жетекчилер жана кызматкерлер
| Бул тобокелдик бардык мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн.
|
4 | Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү. | Кызмат адамдарынын кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалануусу. Кызматтык милдеттерге ылайык чечим кабыл алууну талап кылган учурларда аракетсиздик. | Системалык | Жогорку | КР ЭСКММнин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана аймактык бөлүмдөрү | Жетекчилер, кызматкерлер | Бул коррупциялык тобокелдик ушул эксперттик-квалификациялык комиссиянын подкомиссиялары болгон мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү.
|
5 | Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн финансылык жана чарбалык ишмердигине талдоо жүргүзүү
| Финансылык жана чарбалык ишмердикке талдоо жүргүзүүдө аныкталган бузууларды жашыруу, мамлекеттик жөлөкпулдарды, социалдык төлөмдөрдү жана социалдык колдоонун башка чараларын дайындоонун жана төлөөнүн тууралыгын текшерүүнүн натыйжаларын объективдүү эмес чагылдыруу, аныкталган бузуулар боюнча чара көрбөө, айрым аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө артыкчылыктарды түзүү | Системалык
| Орто
| КР ЭКММнин борбордук аппараттын мониторинг сектору, ведомстволук, социалдык-стационардык мекемелер жана аймактык бөлүмдөрү
| Жетекчилер, кызматкерлер, бухгалтерлер
| Бул коррупциялык тобокелдик КР ЭКММнин ишине тиешелүү
|