Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 11-сентябры № 698-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бажы маселелеринде кызматташуу жана өз ара административдик жардам берүү жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен
Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Бажы маселелеринде кызматташуу жана
өз ара административдик жардам берүү жөнүндө
макулдашуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Корея Республикасынын Өкмөтү (мындан ары – Тараптар);
бажы мыйзамдарын бузуулар алардын экономикалык, фискалдык жана социалдык кызыкчылыктарына, ошондой эле сооданын мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирерин эске алып;
баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана башка кооптуу товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү калктын жана коомдун ден соолугу үчүн коркунуч келтирерин эске алып;
товарларды ташып кирүүдө же ташып чыгууда алынуучу бажы алымдарынын жана салыктарынын туура эсептелишин камсыз кылуунун, ошондой эле тыюу салуу, чектөө жана контролдоо чараларынын талаптагыдай колдонулушунун маанилүүлүгүн эске алып;
бажы мыйзамдарын бузууларды алдын алуу жана товарларды ташып кирүүдө же ташып чыгууда бажы алымдарын жана салыктарды талаптагыдай өндүрүп алууну камсыз кылуу алардын бажы органдарынын ортосундагы кызматташтык аркылуу кыйла натыйжалуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн экендигине ишенип;
Бажы кызматташтык кеңешинин 1953-жылдын 5-декабрындагы өз ара административдик жардам көрсөтүү жөнүндө сунуштамасын жана анын 2002-жылдын июнундагы эл аралык товар берүү чынжырынын коопсуздугу жана жөнөкөйлөтүү жөнүндө резолюциясын эске алып;
жана Тараптар катышуучулары болуп саналган, айрым товарларга карата тыюу салууларга, чектөөлөргө жана атайын контролдоо чараларына тиешелүү эл аралык конвенцияларды эске алып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты.
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
(а) бажы органы:
(1) Кыргыз Республикасы үчүн – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;
(2) Корея Республикасы үчүн – Корея Республикасынын Бажы кызматы.
Бажы органдарынын аталышы же функциялары өзгөргөн учурда, Тараптар бул жөнүндө бири бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлашат;
(б) бажы мыйзамдары – Тараптардын бажы органдары тарабынан аткарылышы камсыз кылынуучу жана товарларды алып кирүүнү, алып чыгууну жана (же) транзитти же болбосо башка бажы жол-жоболорун же бажы режимдерин жөнгө салуучу, алардын бажы алымдарына жана салыктарына же тыюу салуу, чектөө же контролдоо чараларына тиешелүү экендигине карабастан, анын ичинде баңги каражаттарын жана башка товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу чараларды камтыган ар кандай мыйзамдык же ченемдик укуктук актылар;
(в) бажы мыйзамдарын бузуу – бажы мыйзамдарынын ар кандай бузулушун, ошондой эле мындай бузууну жасоого болгон кандай болбосун аракеттер;
(г) бажы алымдары жана салыктары – Тараптардын бажы органдары тарабынан эсептелүүчү жана өндүрүп алынуучу бардык алымдар, салыктар жана башка төлөмдөр;
(д) жак – кандай болбосун жеке же юридикалык жак;
(е) сураган орган – бажы маселелери боюнча жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап менен кайрылган Тараптын бажы органы;
(ж) суралган орган – бажы маселелери боюнча жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты алган Тараптын бажы органы;
(з) сезгич товарлар – ушул Макулдашуунун 5-беренесинде көрсөтүлгөн заттар;
(и) контролдонуучу берүү – баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун камтыган же камтышы болжолдонгон товарлардын мыйзамсыз партияларын же башка сезгич товарларды компетенттүү органдардын макулдугу жана көзөмөлү астында бажы мыйзамдарын бузууга тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында Тараптардын мамлекеттеринин аймагынан алып чыгууга, алардын аймагы аркылуу өткөрүүгө же алардын аймагына алып кирүүгө жол берилүүчү метод.
2-берене. Ушул Макулдашууну колдонуу чөйрөсү
1. Тараптардын бажы органдары ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык товарлардын мыйзамдуу өткөрүлүшүн жеңилдетүү жана бажы мыйзамдарынын талаптагыдай колдонулушун камсыз кылуу, бажы мыйзамдарын бузууларды алдын алуу, аныктоо, териштирүү жана бөгөт коюу, ошондой эле товарларды берүүлөрдүн эл аралык чынжырынын коопсуздугун камсыз кылуу жана көмөктөшүү максатында бири бирине көмөк көрсөтөт.
2. Ушул Макулдашуунун алкагында өз ара жардам Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Тараптардын компетенциясынын жана болгон ресурстарынын чегинде көрсөтүлөт.
3. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптардын улуттук мыйзамдарына жана Тараптар катышуучулары болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык көрсөтүлүүчү кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү маселелерине тиешелүү эмес.
4. Ушул Макулдашуунун жоболору Тараптар катышуучулары болуп саналган башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттенмелерине таасир тийгизбейт.
3-берене. Суроо-талап боюнча жардам көрсөтүү
1. Сураган органдын суроо-талабы боюнча суралган орган төмөнкүлөргө байланышкан тиешелүү маалыматтарды берет:
(а) бажы мыйзамдарынын талаптагыдай колдонулушуна жана мындай мыйзамдардагы кандай болбосун олуттуу өзгөрүүлөргө;
(б) бажы алымдарынын жана салыктарынын туура эсептелишине, анын ичинде бажы наркын туура аныктоого, товарларды Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына ылайык классификациялоого жана товарлардын келип чыгышына тиешелүү маалыматтарга;
(в) бажы мыйзамдарын бузууларды алдын алууга, териштирүүгө жана бөгөт коюуга.
2. Сураган органдын суроо-талабы боюнча суралган орган зарыл болгон учурда төмөнкүлөргө карата атайын байкоону жүзөгө ашырат:
(а) бажы мыйзамдарын бузган же аларды бузууга шектелген жактарга;
(б) сураган Тараптын мамлекетинин аймагына мыйзамсыз өткөрүү үчүн колдонулуп жаткандыгы транспорт каражаттарында же сактоодо турган товарларга;
(в) бажы мыйзамдарын бузуу үчүн колдонулуп жаткандыгы же колдонулуп жатат деп шектелген транспорт каражаттарына; жана
(г) бажылык укук бузууларды жасоо үчүн пайдаланылуучу же пайдаланууда деп шектелүүдөгү жерлерге.
3. Суроо-талап боюнча Тараптардын бажы органдары бири бирине төмөнкүлөрдү ырастаган кандай болбосун маалыматты берет:
(а) бир Тараптын мамлекетинин аймагына алып келинген товарлар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагынан мыйзамдуу түрдө алынып чыккандыгын;
(б) бир Тараптын мамлекетинин аймагынан алынып чыккан товарлар экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына мыйзамдуу түрдө алынып келингендигин, ошондой эле аталган товарларга карата бажы жол-жоболору жана бажы режимдери колдонулган болсо, алардын мүнөзү жөнүндө маалыматтар.
4. Ушул Макулдашуунун 4-беренесинин 2-пунктуна ылайык дайындалган сураган органдын байланыш офицери суроо-талап боюнча төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарды берет:
(а) суралган Тараптын мамлекетинин аймагына импорттоо процессинде орун алган, сураган Тарапка тиешелүү товарларды бажылык тариздөөдө кандай болбосун кармалган же андан баш тартылган учурлар жөнүндө маалыматтарды;
(б) Тараптардын сураган менен суралган органдарынын ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурларда суралган органдын пикирин.
4-берене. Өз демилгеси боюнча жардам көрсөтүү
1. Тараптардын бажы органдары бажы мыйзамдарынын талаптагыдай колдонулушун камсыз кылуу үчүн зарыл деп эсептесе, айрыкча төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарга ээ болсо, алдын ала суроо-талапсыз эле бири бирине жардам көрсөтөт:
(а) бажы мыйзамдарына карама-каршы катары каралган операцияларга;
(б) мындай операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган жаңы ыкмаларга же методдорго;
(в) бажы мыйзамдарын бузган операциялардын предмети болуп саналган же болжолдуу болуп саналган товарларга.
2. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана Тараптардын мамлекеттеринин ортосундагы трансчек аралык сооданы өнүктүрүү максатында Тараптардын бажы органдары өздөрүнүн борбордук аппараттарында байланыш офицерин дайындайт жана тиешелүү байланыш маалыматтары менен алмашат.
5-берене. Сезгич товарлардын мыйзамсыз
өткөрүлүшү жөнүндө маалымат алмашуу
Тараптардын бажы органдары өз демилгеси боюнча же суроо-талап боюнча жана тез арада төмөнкүлөрдү өткөрүүдө Тараптардын улуттук бажы мыйзамдарын бузуу болуп саналган же болушу мүмкүн болгон иш-аракеттерге тиешелүү бардык жеткиликтүү маалыматтарды бири бирине берет:
(а) курал-жарактарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү;
(б) кайсы Тарап үчүн болбосун олуттуу тарыхый, маданий же археологиялык баалуулукка ээ болгон көркөм чыгармаларды жана антиквариат буюмдарын;
(в) уулуу, ядролук жана радиоактивдүү материалдарды, ошондой эле айлана-чөйрөгө жана (же) калктын ден соолугуна коркунуч туудурган башка заттарды;
(г) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун;
(д) олуттуу бажы алымдары жана салыктары төлөнүүгө тийиш болгон товарларды;
(е) интеллектуалдык менчик укуктарынын объекттери болуп саналган товарларды.
6-берене. Контролдонуучу берүү
1. Тараптардын бажы органдары өздөрүнүн улуттук мыйзамдарын жана жол-жоболорун эске алуу менен өз ара макулдашуу боюнча баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун, прекурсорлорун жана товарларды, сезгич товарларды аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды кармоо максатында контролдонуучу берүүнү жүзөгө ашыра алат.
2. Контролдонуучу берүү жүзөгө ашырылып жаткан товарлардын мыйзамсыз партиялары кармалышы жана андан ары өзгөртүлбөгөн түрдө, же болбосо мыйзамсыз жүктү толук же жарым-жартылай алып койгондон же алмаштыргандан кийин андан ары ташуу үчүн калтырылышы мүмкүн.
3. Контролдонуучу берүү методун колдонуу жөнүндө чечимдер ар бир конкреттүү учурда Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
7-берене. Жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптардын
формасы жана мазмуну
1. Ушул Макулдашууга ылайык жөнөтүлүүчү суроо-талаптар жазуу жүзүндө түзүлөт жана аларды аткаруу үчүн маанилүү болушу мүмкүн болгон документтер менен коштолот. Кечиктирилгис кароону талап кылган учурларда оозеки суроо-талаптар кабыл алынышы мүмкүн, алар токтоосуз түрдө жазуу жүзүндө ырасталууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунда каралган суроо-талаптар төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
(а) сураган органдын аталышы;
(б) суроо-талап кылынуучу чаралар жөнүндө маалыматтар;
(в) суроо-талаптын предмети жана негиздери;
(г) колдонулган мыйзамдар жөнүндө маалыматтар;
(д) тергөө жүргүзүлүп жаткан жактар жөнүндө болушунча так маалыматтар, ошондой эле эгерде маалымат бар болсо, тиешелүү транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтар;
(е) ишке тиешеси бар жагдайлардын кыскача баяндамасы жана өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматтар.
3. Суроо-талаптар сураган Тараптын мамлекетинин расмий тилинде (тилдеринде) же англис тилинде түзүлөт.
4. Эгерде суроо-талап белгиленген формалдуу талаптарга ылайык келбесе, аны оңдоо же толуктоо талап кылынышы мүмкүн; ошону менен бирге, мындай оңдоолор же толуктоолор киргизилгенге чейин суралган орган зарыл болгон камсыздоо чараларын көрүүгө укуктуу.
8-берене. Суроо-талаптарды аткаруу
1. Жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талаптар жана текшерүү иш-чараларын жүргүзүү сураган Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык аткарылат.
2. Жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты аткаруу максатында, суралган орган өзүнүн компетенциясынын жана бар болгон ресурстарынын чегинде өз демилгеси боюнча же суралуучу Тараптын башка органдарынын суроо-талабы боюнча өзүндө бар маалыматтарды берүү, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүү же аларды жүргүзүүнү уюштуруу жолу менен иш алып баргандай зарыл чараларды көрөт.
3. Эгерде суралган орган суроо-талапты аткаруу үчүн компетенттүү орган болуп саналбаса, ал мындай суроо-талапты кечиктирбестен компетенттүү органга жөнөтөт жана бул жөнүндө сураган органга кабарлайт.
9-берене. Суроо-талаптын алкагында текшерүү
иш-чараларын жүргүзүүдө суроо-талап жөнөткөн
Тараптын кызмат адамдарынын катышуусу
1. Сураган Тараптын талаптагыдай ыйгарым укук берилген кызмат адамдары айрым учурларда суралуучу органдын макулдугу менен ушул орган тарабынан белгиленген шарттарда жана суралуучу Тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында суроо-талапты аткаруунун алкагындагы текшерүү иш-чараларын жүргүзүүгө катыша алышат. Суроо-талапты аткаруунун алкагындагы мындай текшерүү иш-чаралары суралуучу Тараптын кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлөт, бул учурда сураган Тараптын кызмат адамдары аталган иш-чараларга тиешелүү маалыматтарды бере алат жана ала алат.
2. Эгерде ушул Макулдашууда каралган учурларда сураган Тараптын кызмат адамдары суралуучу Тараптын мамлекетинин аймагында текшерүү иш-чараларын жүргүзүүгө катышып жатса, алар ар дайым өздөрүнүн расмий статусун жана инсандыгын ырастаган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү. Алар формалык кийим кийүүгө же жанында ок атуучу курал алып жүрүүгө укугу жок жана суралуучу Тараптын улуттук мыйзамдарын бузган кандай болбосун аракеттери үчүн жоопкерчилик тартат.
10-берене. Маалымат берүү
1. Ушул Макулдашууда белгиленген шарттарда жана чектерде, ошондой эле Тараптардын улуттук мыйзамдарында каралган учурларда бажы органдары бири бирине документтер, документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, отчеттор жана суроо-талаптын предметине тиешелүү, алардын карамагында турган башка маалыматтарды берет.
2. Суралган органдын кароосу боюнча ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтер жана маалыматтар ошол эле максаттар үчүн пайдаланууга ылайыктуу кандай болбосун форматта электрондук формадагы маалыматтар менен алмаштырылышы мүмкүн.
11-берене. Маалыматтын купуялуулугу
1. Ушул Макулдашууга ылайык алынган кандай болбосун маалымат бажы органдары тарабынан жана берилген максаттар үчүн гана колдонулат, буга мындай маалыматты берген бажы органы сураган Тараптын башка органдары тарабынан аны башка максаттарда колдонууга жазуу жүзүндө түз макулдугун берген учурлар кирбейт. Мындай колдонуу маалыматты берген бажы органы тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Макулдашууга ылайык алынган кандай болбосун маалымат кабыл алуучу Тараптын мыйзамдарына ылайык ушундай эле маалыматка берилүүчү коргоо жана купуялуулук деңгээлинен кем эмес деңгээлде, же эгерде бул колдонулса, мындай маалыматты берген Тарап менен түз көрсөтүлгөн коргоо жана купуялуулук деңгээли менен корголот.
3. Ушул Макулдашууга ылайык жеке маалыматтарды берүү Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
12-берене. Эксперттер жана күбөлөр
Суралган органдын кызмат адамына берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Макулдашуунун колдонуу чөйрөсүнө кирген, сураган Тараптын мамлекетинин юрисдикциясында турган маселелер боюнча соттук же административдик териштирүүлөрдө эксперт же күбө катары чыгууга, ошондой эле тиешелүү ишти кароо үчүн талап кылынышы мүмкүн болгон предметтерди, документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө ыйгарым укук берилиши мүмкүн.
Келүү жөнүндө суроо-талапта кызмат адамы кайсы маселелер боюнча жана кандай статуста же ким катары сурала тургандыгы конкреттүү көрсөтүлүүгө тийиш.
13-берене. Жардам көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
1. Эгерде суралган орган суроо-талапты аткаруу суралган Тараптын мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна, коомдук тартибине же башка олуттуу кызыкчылыктарына зыян келтирет же өнөр жай, коммерциялык же кесиптик сырдын ачыкка чыгарылышына алып келет деп эсептесе, ал ушул Макулдашууда каралган жардамды көрсөтүүдөн баш тарта алат, же болбосо аны жарым-жартылай же белгилүү бир шарттарды сактоо менен көрсөтө алат.
2. Эгерде сураган орган суралган органдан окшош суроо-талап түшкөн учурда аны аткара албай турган болсо, ал өзүнүн суроо-талабында бул жагдайды көрсөтүүгө милдеттүү. Бул учурда суралган орган мындай суроо-талапты аткаруу боюнча чечимди өз алдынча кабыл алат.
3. Эгерде жардам көрсөтүү жүргүзүлүп жаткан иликтөөгө, кылмыш куугунтугуна же башка өндүрүшкө тоскоолдук кылышы мүмкүн болсо, суралган орган жардам көрсөтүүнү кийинкиге калтырууга укуктуу. Мындай учурда суралган орган жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн өзү зарыл деп эсептеген шарттарда аныктоо максатында сураган орган менен консультацияларды өткөрөт.
4. Жардам көрсөтүүдөн баш тартылган же аны көрсөтүү кийинкиге калтырылган учурда, суралган орган бул жөнүндө кабыл алынган чечимдин себептерин көрсөтүү менен сураган органга кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарлайт.
14-берене. Чыгымдар
1. Бажы органдары бири бирине ушул Макулдашууну аткаруу учурунда тарткан чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө ар кандай талаптарды коюудан баш тартат, буга тиешелүү учурларда мамлекеттик кызматчы болуп саналбаган эксперттердин, күбөлөрдүн, ошондой эле оозеки жана жазма котормочулардын кызмат акысын төлөөгө кеткен чыгымдар кирбейт.
2. Эгерде суроо-талапты аткаруу олуттуу же өзгөчө чыгымдарды талап кылса же талап кылышы мүмкүн болсо, Тараптар мындай суроо-талапты аткаруунун шарттарын, ошондой эле аталган чыгымдарды Тараптардын ортосунда бөлүштүрүүнүн тартибин аныктоо максатында консультацияларды өткөрөт.
15-берене. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу
1. Ушул Макулдашууда каралган кызматташуу жана өз ара жардамдашуу түздөн-түз бажы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Бул максаттар үчүн бажы органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча зарыл болгон уюштуруу чараларын макулдашат.
2. Бажы органдары ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүн кароо максатында жолугушууларды өткөрө алат.
16-берене. Пикир келишпестиктерди чечүү
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан кандай болбосун пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар жолу менен чечилет.
17-берене. Колдонуунун аймактык чөйрөсү
Ушул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жана Корея Республикасынын бажы аймактарында колдонулат.
18-берене. Күчүнө кириши, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана колдонулушун токтотуу
1. Тараптар ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн талап кылынган бардык зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча бири бирине жазуу жүзүндө кабарлайт. Ушул Макулдашуу акыркы мындай кабарлоону алган күндөн тартып отузунчу (30) күнү күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
3. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн экинчи Тараптын жазуу жүзүндөгү кабарлоосун алган күндөн тартып алты (6) ай өткөнгө чейин күчүндө болот.
Ушуну ырастоо үчүн өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан талаптагыдай ыйгарым укуктар берилген кол койгондор ушул Макулдашууга кол койду.
_____________________ шаарында _______-жылдын «___» ____________ эки нускада, ар бири кыргыз, корей, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө карата пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинети үчүн
___________________
Корея Республикасынын
Өкмөтү үчүн
___________________