КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылдын 28-июлу № 136
“Кулунду-Коммуналдык муниципалдык ишканасынын жумушун жеңилдетүүгө фронталдык погрузчик алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекстин 95-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 3-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңеши токтом кылат:
- “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын жумушун жеңилдетүүгө фронталдык погрузчик алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сомго макулдук берилсин.
- Өздүк салым 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сом
- Лейлек өнүктүрүү фондунан 4 000 000 (төрт миллион) сом
- жалпы суммасы 5 500 000 (беш миллион беш жүз миң) сом
- Ушул токтомдун аткарылышы “Кулунду-Коммуналдык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |