АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/25
Ак-Суу почта бөлүмүнө жер бөлүп берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар " боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Чоконбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Ак-Суу почта бөлүмүнүн жетекчиси Шадыканов Дүйшөналынын арызы боюнча, Ак-Суу почта бөлүмүнө, калкты социалдык жактан тейлөө үчүн жумушчу кеңсе салынуучу жерин тактап, жеринде барып көрүп мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловко милдеттендирлисин.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Ашыралиевке жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу